Жашоо кымбаттоодо: Кыргызстанда жашоо минимуму 8,7 миң сомду түздү

2025-жылдын III кварталында орточо эсеп менен калктын адам башына жашоо минимуму жалпы республика боюнча 8 миң 758 сомду түздү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 11%га өскөн.

Жашоо кымбаттоодо: Кыргызстанда жашоо минимуму 8,7 миң сомду түздү
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшү өлкөнүн бардык аймактарында белгиленди.

Жашоо минимумунун түзүмү:

  • азык-түлүк товарларынын үлүшү 65%; 
  • азык-түлүк эмес товарлар – 16%; 
  • кызмат көрсөтүүлөр – 17% 
  • салыктар – 2%ды түзөт.

Азык-түлүк баштыгынын  энергетикалык баалуулугу 2101 ккалды түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокту жана 71 грамм майды камтыйт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму

Республика боюнча жалпы — 8 758,6 сом (2024-жылга салыштырмалуу өсүү 11%).

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк— 9 818,4 сом (өсүү 11,2%).

  • эркектер — 10 063,6 сом (өсүү 11,5%);
  • аялдар — 9 766,7 сом (өсүү 11,6%).
  • пенсионерлер — 7 760 сом (өсүү 11%).
  • балдар — 7 413,2 сом (өсүү 10,6%):
  • 0дөн 7 жашка чейинки — 6 572,1 сом (өсүү 10,4%);
  • 7ден 14 жашка чейинки — 7 678,4 сом (өсүү 10,5%);
  • 14дөн 17 жашка чейин — 8 471,2 сом (өсүү 11%).

Ошентип, жашоо минимунун жогорку өсүүсү эмгекке жөндөмдүү курактагы аялдар жана эркектер арасында байкалды – 11,6% жана 11,5%.