Курс USD 86.77 / 87.28
Курс EUR 98.41 / 99.40
Курс RUB 1.046 / 1.084
Курс KZT 0.115 / 0.187
USD USD
86.77 / 87.28
EUR EUR
98.41 / 99.40
RUB RUB
1.046 / 1.084
KZT KZT
0.115 / 0.187

Казакстандагы 9 банктын жоюлушу: Иштер жылдарга, он жылдарга чейин созулушу мүмкүн

Жоюлуу алдында тогуз коммерциялык банктары турат, алардын катарында: Tengri, Capital Bank Kazakhstan, Asia Credit жана Астана Банкы бар. Төлөм мөөнөтү бүттү – ал бир жылга гана созулат. Топтогон аманаттарын ала албай калгандардын акчасы эмне болот?
Казакстандагы 9 банктын жоюлушу: Иштер жылдарга, он жылдарга чейин созулушу мүмкүн

Бул тууралуу «24KZ» басылмасы билдирди.

Жоюулуу процессинде турган банктар тарабынан аманатчыларга 113 миллиард теңгеден ашык төлөнгөн. Депозиттерди кепилдөө фонду арыздарды кабыл алып, анан төлөмдөрдү кайтарып берет. 

Кардарлардын ала албай калган акчаларын финансы-кредиттик мекемелер Бирдиктүү топтоо пенсиялык фондундагы эсептерине которушкан.

Арыз берүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендер төлөмдөрүн дале алуу  мүмкүнчүлүктөрү бар - бул үчүн төмөнкү беш «жүйөлүү себептердин» бирин көрсөтүү керек:

  • Депозитчи Казакстандан тышкары жүргөн болсо;
  • Депозитчинин аскердик кызматка кириши;
  • Эркиндигинен ажыраган жайларда болуусу;
  • Мурасты кабыл алууга, ачууга байланышкан себептер;
  • Сот аныктай турган айрым себептер.

Төлөмдү алуу укугу жогорудагы себептердин ар бирин тастыктаган документтер менен ырасталышы керек, (аскердик кызмат үчүн - кызмат өтөгөндүгү тууралуу күбөлүк, Казакстандан тышкары жерде болуу фактысы чек арадан өткөндүгү тууралуу мөөрү бар паспорт менен ырасталышы мүмкүн). 

Фонд арызды 5 жумушчу күндүн ичинде карайт. Корутунду оң жыйынтык берсе, акча банктык эсепке которулат. Баш тарткан учурда фонддун адистери себептерин түшүндүрүп, каталарды оңдоо боюнча сунуштарды беришет. 

Банктардын жоюлушуна каражаттарды төлөй албай калуу жана лицензияны кайтарып алуу себеп болгон. Бул Казакстандын Улуттук банкынын коммерциялык каржы уюмундарынын ишин жоюу мүмкүн болгон негизги себептер. 

Андан кийин банктын иштерин башкаруу, документтерди жүргүзүү, иш планын иштеп чыгуу жана мүлктүн бардык массасын баалоо боюнча комиссия түзүлөт. Комиссиянын милдети – банкты жоюуну аяктоо. Бул үчүн ал бардык дебитордук карыздарды чогултат, активдерди кайтарат, мүлктү сатат жана насыя алгандар менен алардын кезектүүлүгү боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзөт. 

Кичинекей банктарда да көп сандаган активдер бар, алардын айрымдары өтүмсүз болушу мүмкүн. Бул чоң көлөмдөгү ишти жаратат, ошондуктан жоюу процедурасы жылдарга, ал тургай ондогон жылдарга созулушу мүмкүн.

Эске салсак, Кыргызстанда жоюлуу алдында турган үч банк бар: ААК «АзияУниверсалБанк», ААК «Ак Банк» жана Пакистандын Улуттук банкынын Бишкектеги кеңсеси. 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.