Карта аксессуар катары: MBANK 35 жаңы санарип дизайнды кошту
Кыргызстанда банк карталарынын саны 10 миллионго жакындады. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2025-жылы жүгүртүүдө 9,9 миллион карта болгон. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 7,9%га көп.

Ушуга байланыштуу MBANK карталардын санарип дизайндарынын түрлөрүн көбөйттү: банк 35 жаңы вариантты кошту. Дизайндардын топтомун ай сайын толуктап туруу пландалууда. Жеткиликтүү варианттардын арасында минималисттик стилден тартып, ачык түстүү жана өзгөчө чечимдерге чейин бар.
Банктын маалыматына ылайык, жаңы дизайнды мобилдик колдонмодон тандаса болот.
Картанын дизайнын кантип өзгөртүүгө болот:
- MBANK колдонмосун ачыңыз;
- «Менин банкым» бөлүмүнө өтүңүз;
- Дизайнын өзгөрткүңүз келген картаны тандаңыз;
- «Картанын дизайнын өзгөртүү» баскычын басыңыз;
- Өзүңүзгө жаккан вариантты тандап, ырастап коюңуз.
Картанын дизайнын каалаган убакта өзгөртүүгө болот. Бул үчүн банк бөлүмүнө баруунун кажети жок.
MBANK – Биринчи санарип! Кыргызстандын өнүмү!
КРУБ №014 лицензиясы.
Важно: Материал опубликован на правах рекламы.
Содержание полностью сформировано заказчиком и может не отражать позицию редакции Banks.kg. Информация предоставлена в ознакомительных целях. Ответственность за достоверность информации в рекламных статьях полностью лежит на рекламодателях.
Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.