Курс USD 85.27 / 85.74
Курс EUR 92.36 / 93.34
Курс RUB 0.870 / 0.900
Курс KZT 0.121 / 0.190
USD USD
85.27 / 85.74
EUR EUR
92.36 / 93.34
RUB RUB
0.870 / 0.900
KZT KZT
0.121 / 0.190

MBANK экосистемасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: MINVEST инвестициялык тиркемесинин бет ачары

2024-жылдын 7-октябры ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK жаңы форматтагы иш-чараны тартуулады - MTalx, анда банктын бардык негизги продуктыларынын презентациясын бириктирген. Акыркы жыл ичинде MBANK көптөгөн инновациялык чечимдерди чыгарды, кардарлар жана ишкерлер үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин ийгиликтүү кеңейтти.
MBANK экосистемасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: MINVEST инвестициялык тиркемесинин бет ачары

Иш-чаранын негизги темасы жаңы продуктунун – MINVEST’тин, Кыргызстандагы лицензиясы бар биринчи санариптик брокердин расмий бет ачары болду, ал азыр MBANK экосистемасынын бир бөлүгү болуп калды. MINVEST кыргызстандыктарга NYSE жана NASDAQ биржалары аркылуу дүйнөдөгү эң ири компаниялардын акцияларына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн берет. Жеткиликтүү компаниялардын арасында Apple, Coca-Cola, Microsoft, Tesla жана башкалар сыяктуу дүйнөлүк гиганттар бар.

MINVESTтин ишенимдүүлүгү жана мыйзамдуулугу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан 2024-жылдын 29-январында берилген №23 лицензия менен тастыкталган. Бул жогорку иштөө стандарттарын жана мыйзам ченемдерин сактоого кепилдик берет.

MTalx иш чарасындагы көрсөтүлгөн негизги продукттардын катарында:

  • MTravel - бул жеткиликтүү баада авиа билеттерди сатып алуу кызматы. Бет ачарда конокторго ыңгайлуу жана интуитивдик түшүнүктүү интерфейс көрсөтүлдү, анда колдонуучу өзүнө жана жакындарына бир нече секунданын ичинде билет сатып алууга мүмкүндүк берет.

Эң негизгиси, катышуучулар 2024-жылдын 10-октябрынан башталган пайдалуу акция тууралуу маалымат алды, анын алкагында кардарлар авиабилеттерди жана кошумча кызматтарды ар бир сатып алуу үчүн 5% кэшбэк бонустарын алышат.

  • Market – бул пайдалуу баада, бөлүп төлөө менен сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берген, товарлардын кеңири ассортименти бар маркетплейс. Иш-чаранын катышуучуларына маркетплейсте жаңы функция – M+ кредиттик линиясы аркылуу товарларды пайызсыз бөлүп төлөө менен сатып алуу мүмкүнчүлүгү тартууланды.
  • MBANK Junior – балдар картасы жана балдарды жаштайынан финансылык сабаттуулукка үйрөтүүчү тиркеме. Учурда коомдук транспортто жол кире төлөөдө 100% кэшбэк берген акция бар.
  • MBusiness - бул бизнес жүргүзүүнү жеңилдеткен ишкерлер үчүн тиркеме. Презентацияда ишкерлер үчүн жаңы акция сунушталды - QR төлөмдөрүн кабыл алуу менен 3 жаңы муундагы Toyota Camry 80 автоунаасы жана миңдеген башка байгелерди жеңип алуу мүмкүнчүлүгү. Ошондой эле, жеке ишкерлер үчүн 1 мүнөттүн ичинде онлайн эсеп ачуу мүмкүнчүлүгү, жеке ишкерлер үчүн чектөөсүз сом менен акысыз төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жана бизнести кыйла жакшыртып, автоматташтыра турган MBusiness тиркемесинде 1С системасын эксклюзивдүү интеграциялоо. процесстери айтылды.
  • M+ – пайызсыз же ашыкча төлөмсүз товарды бөлүп төлөө аркылуу сатып алууга мүмкүндүк берүүчү кредиттик линия.
  • MKassa - Орнотулган акысыз кассалык аппараты бар, смартфондор же смарт POS терминалдар аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн тиркеме,. Иш-чарада QR аркылуу накталай акча чыгаруу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлдү – сатып алуучуларга акчаны накталай берүү жана ишкерлер үчүн комиссиялык төлөмдөр менен акча табуу мүмкүн. Мындан тышкары, катышуучулар MKassaдагы уникалдуу функция тууралуу маалыматка ээ болду, эгерде кардардын каражаты жетишсиз болсо, каалаган сатып алган товарын же кызматын QR аркылуу бөлүп төлөй алат. Бул мүмкүнчүлүк кардарларга каалаган товарын сатып алууга жана ишкерлерге товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө шарт түзөт.

«МBANKтын ар бир өнүмү кардарлардын суроо талабын эске алуу менен иштелип чыккан. Биз биздин экосистеманы бардык колдонуучулар үчүн дагы да ыңгайлуу жана пайдалуу кылган заманбап жана ыңгайлуу финансылык чечимдерди сунуштоо менен жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга умтулабыз. 

Эми MINVESTтин ишке кириши менен кардарлар кадимки банктык кызматтарды гана колдонбостон, дүйнөлүк компаниялардын акцияларына жетүү менен инвестициялоону үйрөнүшөт. Бул жаңы тиркеме кардарлар үчүн өсүү жана каржылык көз карандысыздык үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат», - деди MBANKтын Стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча директору Марат Төралиев.

MTalx’тун жүрүшүндө сунушталган бардык банк продуктылары кардарлардын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган. MBANK ыңгайлуу, заманбап жана жеткиликтүү чечимдерди сунуштоо менен өз колдонуучуларынын жашоосун жакшыртууга умтулат. Мындай инновациялар менен банк рынокто өзүнүн позициясын бекемдеп, финансылык сабаттуулукту өнүктүрүүнү жана кардарларынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууну улантууда.

MINVEST жөнүндө бардык маалыматтар minvest.kg сайтында жана тиркемеде жеткиликтүү. Жаңылыктар жана өзгөрүүлөр @minvest.kg Instagram баракчасында жарыяланат.

MINVEST менен инвестициялоо жеңилдеди. 

Кыргызстанда лицензиясы бар биринчи санариптик брокер:

Лицензиянын сериясы DB № 0024, рег №23, 29.01.2024 баштап, Мамлекеттик Финансылык көзөмөл органы тарабынан берилген;

Лицензия сериясы BA № 0122, рег №107, 08.01.2024 баштап, Мамлекеттик Финансылык көзөмөл органы тарабынан берилген.

 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.