MBANK ислам банк кызматтарынын спектрин кеңейтет

MBANKтын ислам каржы өнүмдөрүнүн спектрин кеңейтүүсү Кыргызстандагы банк секторунда шариат принциптерине болгон кызыгуунун өсүп жатканын жана банктын бул кызмат түрүн тандаган кардарлардын муктаждыктарын канааттандырууга умтулуп жатканын көрсөтөт.

MBANK ислам банк кызматтарынын спектрин кеңейтет
Сүрөт: Banks.kg

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2025-жылдын 13-августундагы чечими менен ААК «Мбанкка» улуттук же чет элдик валютада «истиснаа» жана «параллел истиснаа» келишимдери боюнча «ислам терезеси» аркылуу ислам банк ишмердүүлүгүнүн жана каржылоосунун принциптерине ылайык кошумча банк операцияларын жана бүтүмдөрдү жүргүзүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кабарлайт.

ААК «Мбанк» буга чейин да ИПФ боюнча банк операцияларын жүргүзүүгө башка уруксаттарды алган.

2021-жылдын 13-октябрынан тарта банк улуттук жана чет элдик валютада «мудараба», «мурабаха» жана «кард» келишимдери боюнча «ислам терезеси» аркылуу ислам банк ишмердүүлүгүнүн жана каржылоосунун принциптерине ылайык операцияларды жүргүзө алат.

Азыркы учурда MBANKта ислам принциптерине ылайык «мурабаха» бүтүмү боюнча төмөнкү өнүмдөр сунушталат:

    авто каржылоо;

    ипотекалык каржылоо;

    универсал мурабаха (Шариат талаптарына каршы келбеген бардык түрдөгү товарларды сатып алуу);

    товарларды бөлүп төлөө (керектөө максатындагы товарларды сатып алуу).

2024-жылдын 30-майынан тарта MBANK улуттук же чет элдик валютада «ижара» жана «ижара мунтахийя биттамлик» келишимдери боюнча «ислам терезеси» аркылуу ислам банк ишмердүүлүгүнүн жана каржылоосунун принциптерине ылайык кошумча банк операцияларын жана бүтүмдөрдү жүргүзүүгө уруксат алган. Келишимдер ошондой эле улуттук валютада же чет элдик валютада да жүргүзүлөт.

MBANK – Биринчи санарип!

КРУБ №014 лицензиясы