Курс USD 84.33 / 84.83
Курс EUR 92.96 / 93.93
Курс RUB 0.918 / 0.949
Курс KZT 0.121 / 0.191
USD USD
84.33 / 84.83
EUR EUR
92.96 / 93.93
RUB RUB
0.918 / 0.949
KZT KZT
0.121 / 0.191

MBANK биринчилерден болуп унааларды караңгылатуу боюнча онлайн кызматын ишке киргизди

ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | МБАНК Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте айдоочулар үчүн каптал айнектерди караңгылатууга уруксатты арзандатылган баада онлайн алуу боюнча жаңы кызматты ишке киргизди.
MBANK биринчилерден болуп унааларды караңгылатуу боюнча онлайн кызматын ишке киргизди

Бардык уруксат берүү процесси толугу менен онлайн болуп калды жана MBANK мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү. Бул кызматты жөнөкөйлөтүп, мамлекеттик органдарга барууну талап кылбастан караңгылатууну жасай алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Кардарлар үчүн 1-сентябрдан тарта жаңы тарифтер жеткиликтүү:

  • Жеке жактар үчүн - 50 миң сом (мурда 80 миң сом). 
  • Юридикалык жактар үчүн - 70 миң сом (мурда 100 миң сом). 
  • Резидент эместер үчүн - 90 миң сом (мурда 120 миң сом).

«Ар кандай мамлекеттик кызматтарды эффективдүү санариптештирүүгө көмөк көрсөтүү биздин артыкчылык берген багыттардын бири. Биз МБАНКтын колдонуучулары банктык кызматтардан тышкары мамлекеттик кызматтардын жана кызматтардын бардык түрлөрүнө үзгүлтүксүз жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга умтулабыз. Бул процессти жөнөкөйлөтүп гана тим болбостон, кардарлардын убактысын үнөмдөөгө жана мамлекеттик органдарга ашыкча баруунун зарылчылыгын жок кылууга мүмкүндүк берет», - деди банктын санариптик кызматтарды жана эквайринг тармагын өнүктүрүү департаментинин директору Кубаныч Шатемиров.

Уруксат бир жылга жарактуу жана таксилерден башка М1 категориясындагы жеңил унааларга гана тиешелүү.

MBANK – Биринчи санарип!

КР УБ лицензиясы № 014

761
2024-09-10T09:01:59+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.