Курс USD 88.63 / 89.49
Курс EUR 94.64 / 95.62
Курс RUB 0.940 / 0.970
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.63 / 89.49
EUR EUR
94.64 / 95.62
RUB RUB
0.940 / 0.970
KZT KZT
0.137 / 0.206

MBANK – Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук кураманын расмий банкы

12-апрелде келишимге кол коюунун расмий аземи болуп өттү. ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Улуттук кураманын расмий банкы статусунда ЮЖБ «Кыргыз футбол биримдиги» Башкы демөөрчүсү болду.
MBANK – Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук кураманын расмий банкы

12-апрелде Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде келишимге кол коюунун расмий аземи болуп өттү, анын алкагында ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Улуттук кураманын расмий банкы статусунда «Кыргыз футбол биримдиги» Юридикалык жактардын бирикмесинин Башкы демөөрчүсү болду.

Макулдашуунун алкагында өлкөнүн инфраструктуралык объектилерин өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында спорттун артыкчылыктуу түрлөрүнүн бири катары футболду жогорулатуу каралган.

«2024-жылы биз республикада олуттуу объектилерди жана стадиондорду курууну пландаштырып, негизги иш-чаралардын программасын макулдаштык. Биз биргелешкен күч-аракет менен футболдун өнүгүшүнө чоң салым кошо аларыбызга ишенебиз. Өлкөнүн биринчи банкы MBANK биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүздүн бири болгону үчүн кубанычтабыз. Биз биргелешип кыргыз футболун жаңы деңгээлге көтөрүп, өлкөбүздү дүйнөлүк аренада көрсөтө алабыз деп ишенем», - деп белгилейт Кыргыз футбол биримдигинин Генералдык секретарь Медербек Сыдыков.

Кол коюу аземине Башкармасынын Төрагасы, Бектур Алиев жана Медербек Сыдыков, ошондой эле Кыргыз футбол биримдигинин башка – өнөктөш компаниялары катышты.

301
2024-04-15T15:49:08+06:00