Курс USD 88.64 / 89.48
Курс EUR 94.75 / 95.71
Курс RUB 0.951 / 0.976
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.64 / 89.48
EUR EUR
94.75 / 95.71
RUB RUB
0.951 / 0.976
KZT KZT
0.137 / 0.206

MBANK эксперттери эл аралык Plus-Форумда Digital Kyrgyzstan 2024 спикери катары катышты

28-февралында Кыргызстанда 29 өлкөнүн каржы рыногунун негизги катышуучуларын бириктирген эл аралык Digital Kyrgyzstan форуму өттү.
MBANK эксперттери эл аралык Plus-Форумда Digital Kyrgyzstan 2024 спикери катары катышты

«Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК | MBANK кызматкерлери иш-чарага негизги спикерлер катары катышып, республикадагы санариптик трансформацияны өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары жана ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан долбоорлору, анын ичинде MBusiness бизнес-платформасы менен бөлүшүштү. 

«Бүгүнкү күндө MBusiness – бул акылдуу банкинг гана эмес, колдонуучуларга бардык бизнес-милдеттерди тез чечүүгө жана көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген толук бизнес платформасы. Бизнес-процесстердин ылдамдыгы жана эффективдүүлүгү ар бир ишкер үчүн маанилүү жана биз 1 жылдын ичинде жакшы натыйжаларга жетише алганыбыз менен сыймыктанабыз. Продукт биздин кардарлардын бардык суроо-талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан. Негизги көңүл колдонуучулардын пикирине бурулат жана биз аны кардарларыбыз менен бирге ар дайым жакшыртабыз», - дейт MBANK’тын Корпоративдик сегментинин санариптик өнүктүрүү департаментинин директору Станислав Муковоз.

Банк секторунун 800дөн ашык эксперттери, көзөмөлдөөчү органдардын, чекене соода, мамлекеттик органдардын жана жеке сектордун өкүлдөрү банктарды санариптештирүү өнүктүрүү үчүн, киберкоопсуздук, электрондук коммерция, чекене соода, исламдык каржылоо, криптовалюталар жана бизнестеги жасалма интеллекттин ролун талкуулашты.

Негизги артыкчылыгы кардарларга каалаган түзмөктөн жана дүйнөнүн каалаган жеринен 24/7 бизнес процесстерине кирүү мүмкүнчүлүгүн берген инновациялык функцияларды киргизүү жана колдонуучу тажрыйбасын жакшыртуу болду. 

MBusiness тиркемеси бул маселелерди чечет жана бир тиркемеде иш кагаздарынын жеңилдетүү жана бардык керектүү бизнес-милдеттерди көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

MBusiness - бул күндүн каалаган убагында каржыны эффективдүү башкарууну баалаган жана максималдуу ыңгайлуулукка умтулган ишкерлер үчүн түзүлгөн акылдуу банкинг.

MBusiness менен убакытты үнөмдөңүз - дүйнөнүн каалаган жеринен күндүн каалаган убагында кирүү:

  • документтерди онлайн тапшырыңыз;
  • финансылык маалыматтын бирдиктүү ачкычы (бир эсеп аркылуу компаниялардын ар кандай чөйрөлөрүнө жетүү);
  • ар бир компания үчүн өзүнчө кирешелерди жана чыгашалардын эсебин жүргүзүңүз;
  • каражаттарды 9 валютада конвертациялоо (тогуз валютада алмашуу (KGS/USD/EUR/KZT/RUB/JPY/GBP/CHF/CNY);
  • эмгек акыны онлайн төлөңүз.

Бул пайдалуу кызматты колдонуу үчүн төмөнку кадамдарды аткаруу керек:

MBusiness — Акылдуу ишкерлер үчүн акылдуу банкинг!