MBANK жаңыланды: ыкчам кирүү, жаңы функциялар жана каржыңызды башкаруунун ыңгайлуу жолдору

Акыркы жаңыртуулар коопсуздукту жогорулатууга жана колдонуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.
Авторизациясыз кирүү — мурдагыдан да ыкчам
Жаңы жаңыртуу менен MBANK колдонмосун ачканыңызда дароо башкы бетке өтөсүз, ал жакта авторизациясыз жеткиликтүү болгон бөлүмдөр жана кызматтар көрсөтүлөт.
Маанилүү: Сиздин банктык маалыматтарыңыз — балансыңыз, чыгымдарыңыз жана бонусуңуз — авторизациясыз көрсөтүлбөйт. Бул жогорку коопсуздук деңгээлин камсыз кылат. Балансты көрүү, акча которуу же QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү үчүн авторизациядан өтүү керек: PIN-код же биометрия аркылуу.
«Унааны жылдыр» кызматы
Жолду же өтмөктү бирөө тосуп калганбы? Унаанын ээси менен ыкчам байланышуу мүмкүн.
MBANK колдонмосунда жаңы кызмат — «Унааны жылдыр» пайда болду. Бирөөнүн унаасы жолго же өтмөктө тоскоол болуп жатса, анын номурун тиешелүү бөлүмгө киргизүү жетиштүү.
Кантип иштейт:
- MBANK колдонмосун ачыңыз;
- «Кызматтар» бөлүмүнө кириңиз;
- «Менин унаам» → «Унааны жылдыр» баскычын тандаңыз;
- Унаанын мамлекеттик номурун жазыңыз;
- Билдирүү жибериңиз;
- Унаанын ээси дароо унаасын жылдырышы керектиги тууралуу эскертүү алат.
Башкы бетке негизги кызматтар үчүн ыңгайлуу блок кошулду
MIslamic кызматына тез кирүү
Эми ислам каржылоосуна өтүү дагы ыңгайлуу — ал дагы MBANK колдонмосунда.
MIslamic кызматы Шариат принциптерине негизделген банктык кызматтарды сунуштайт. Ислам стандарттары боюнча каржылоого бир нече клик менен жетүүгө болот.
Кантип иштейт:
- MBANK колдонмосун ачыңыз;
- Башкы беттен MIslamic иконкасын табыңыз;
- «MIslamic’ке өтүү» баскычын басыңыз.
MIslamic аркылуу каржылык кызматтарды дагы ыңгайлуу жана коопсуз форматта колдоно аласыз.
Кеңейтилген лимиттер
MBANK ошондой эле кардарларга финансыны башкаруу үчүн ийкемдүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап, лимиттерди кеңейтти.
Колдонмо аркылуу чыгым, накталай алуу, онлайн төлөм жана башка операциялар үчүн лимиттерди жөндөңүз.
Кантип иштейт:
- MBANK колдонмону ачыңыз»;
- Башкы беттин ылдый жагынан «MBANK лимиттери»/ «Карта лимиттери» иконкасын табыңыз жана бөлүмгө өтүңүз.
Жазылууларды башкаруу кызматы
Эми чыгымдарыңызды көзөмөлдөө дагы жеңил.
Жаңы «Жазылууларды башкаруу» (подписки) кызматы аркылуу кайсы кызматтар акчаңыздан кармап жатканын көрө аласыз жана аларды оңой эле башкарсаңыз болот.
Кантип иштейт:
- MBANK колдонмосун ачыңыз;
- Башкы беттин ылдый жагынан «Жазылууларды башкаруу» иконкасын таап, тандаңыз;
- Болду! Бардык жазылууларыңыз бир жерде көзөмөлдө.
Керексиз жазылууларды каалаган учурда өчүрө аласыз.
КРУБ №014 лицензиясы.
Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен жарнамачыларга жүктөлөт.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.