Курс USD 83.60 / 84.39
Курс EUR 90.52 / 91.47
Курс RUB 0.954 / 0.991
Курс KZT 0.122 / 0.195
USD USD
83.60 / 84.39
EUR EUR
90.52 / 91.47
RUB RUB
0.954 / 0.991
KZT KZT
0.122 / 0.195

MBANK алдамчылык аракеттери тууралуу эскертет: каржыңызды кантип коргоо керек

ААК «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» | MBANK алдамчылык аракеттердин коркунучу жөнүндө эскертет жана финансылык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кеңештерди берет.
MBANK алдамчылык аракеттери тууралуу эскертет: каржыңызды кантип коргоо керек

"Сиздин каржыңыздын коопсуздугу биздин башкы милдетибиз. Кардарларды алдамчылыкка каршы күрөштө колдоо менен биз сиздерди этият болууга жана берилген сунуштарды аткарууга чакырабыз. Биргелешип, биз мүмкүн болуучу коркунучтардан ишенимдүү коргоону камсыздай алабыз", - деп белгилейт MBANK’тын Кредиттөө департаментинин Керектөө насыялоо бөлүмүнүн башчысы Руслан Калыбеков.

Жеке маалыматыңызды бербеңиз:

  • ПИН-кодду, CVV-кодду жана бир жолку кодду эч кимге бербеңиз

Каражаттар өз максатына ылайык пайдаланылышы керек жана үчүнчү жактарга которулбашы керек:

  • Банк кызматкери сизге онлайн насыя алууну жана алынган каражаттарды үчүнчү жактардын карталарына которууну сунуштап чалбайт
  • Алынган каражаттарды өз максаттуу пайдаланылышы керек жана үчүнчү жактарга которулбашы керек

Күчтүү сырсөз түзүңүз:

  • Жалпы сөздөрдү жана жеке маалыматты колдонбой, онлайн аккаунттарыңыз үчүн уникалдуу жана татаал сырсөздөрдү түзүңүз

Социалдык тармактарда сергек болуңуз:

  • Алдамчылар маалымат чогултуу үчүн социалдык тармактарды колдонушат. Жашыруун маалымат менен бөлүшпөңүз, шектүү шилтемелерди баспаңыз жана тааныбаган адамдарга акча которбоңуз 

Шектүү сурамдарга жооп бербеңиз:

  • Шектүү билдирүүлөрдөн жана жеке маалыматты сураган чалуулардан этият болуңуз. Банк кызматкерлери эч качан сырсөздөрдү же башка жеке маалыматтарды сурашпайт

Эгер шектүү билдирүү же чалуу алсаңыз, анда дароо 3333 номуру аркылуу коопсуздук бөлүмү менен байланышыңыз. 

MBANK жөнүндөгү маалыматтарды расмий булактардан: www.mbank.kg сайты жана социалдык тармактардагы  @mbankkgz баракчасынан гана алыңыз.

2420
2024-03-15T16:38:56+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.