Курс USD 88.64 / 89.48
Курс EUR 94.75 / 95.71
Курс RUB 0.951 / 0.976
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.64 / 89.48
EUR EUR
94.75 / 95.71
RUB RUB
0.951 / 0.976
KZT KZT
0.137 / 0.206

MBANK ишкер аялдарды куттуктап, Кыргызстандагы аялдарды колдоо боюнча программаларды жана кызматтарды көрсөттү

ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK өз кардарларын ишкер аялдарды 8 Март майрамы – Аялдардын Эл аралык күнү менен куттуктады.
MBANK ишкер аялдарды куттуктап, Кыргызстандагы аялдарды колдоо боюнча программаларды жана кызматтарды көрсөттү

Жолугушууда банктын адистери жаңы пландар жана долбоорлор менен бөлүшүп, банкта аялдардын ишкердигин колдоо программалары тууралуу айтып, банктын кардарлары менен биргеликте өз ара кызматташууну жана долбоорлорду талкуулашты.

MBANK Кыргызстандагы БУУнун Аялдар уюму менен биргеликте 2023-жылдын ноябрьда башталган аялдарды колдоо боюнча социалдык долбоорду тартуулады. Анын алкагында аялдардын ишкердигин колдоо, аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюуга багытталган демилгелерди колдоо үчүн банкта атайын эсеп ачылган.

«Колдоо бедгиси катары банк жеке компаниялардын ичинен биринчи болуп эсепке 100 миң сом бөлүп берди. Биз биргелешкен күч-аракет менен гана колдоого муктаждардын, зомбулуктан жапа чеккендердин жашоосун өзгөртө алабыз деп үмүттөнөбүз жана ишенебиз», - деп белгилейт Асел Абыкеева, MBANK’тын коомчулук менен байланыш жана коммуникациялар боюнча директору.

Ошондой эле, банктын эксперттери бизнести өнүктүрүүнүн жаңы инструменттери жана MBusiness тиркемесинде жаңы функциясы – ишкерлер үчүн онлайн бухгалтердик эсеп  жөнүндө айтып беришти.

Жаңы функциясы ишкерлерге каржыны эффективдүү башкарууга жана бухгалтердик эсеп менен иштөөнү жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.

«Биз ар дайым бизнес кардарларыбыздын муктаждыктарына көңүл бурабыз.

Жаңы кызмат бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана бизнести өз алдынча, оңой жана ыңгайлуу, каалаган убакта жана дүйнөнүн каалаган жеринен башкарууга жардам берет, - дейт Станислав Муковоз, MBANK’тын корпоративдик сегментинин Санариптик өнүктүрүү департаментинин директору.

MBusiness колдонуу үчүн төмөнку кадамдарды аткаруу керек:

MBusiness — Акылдуу ишкерлер үчүн акылдуу банкинг!


1246
2024-04-09T10:13:44+06:00