1 млн сомго же 3 айга чейин – 0% акциянын шарттары
Бул сунуш MKassa системасына акция жүрүп жаткан мезгилде катталган жаңы кардарлар — жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн жарактуу.
Ар бир катышуучу ээ болот:
- Карталар жана QR код аркылуу төлөм кабыл алуу үчүн 0% комиссия (жеке ишкерлер жана ЖЧК үчүн накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууда — 3 айга чейин же 1 000 000 сомго чейинки жүгүртүүдө);
- POS-терминал акысыз — сатып алуу жана жеткирүү үчүн чыгым жок;
- ККМ акысыз — автоматтык фискалдаштыруу менен;
- MBANK эсебине акысыз которуулар — 24/7.
MKassa — бизнес үчүн заманбап чечим
MKassa — бул ишкерлер үчүн санариптик курал: ал банктын карталары, QR код жана алыстан төлөмдөрдү кабыл алууга, кассирлерди жана соода түйүндөрүн башкарууга, ошондой эле реалдуу убакыт режиминде бардык түзмөктөрдөн отчетторду алууга мүмкүнчүлүк берет.
Кантип кошулуу керек
Акцияга катышуу үчүн, MBANK сайтында өтүнмө калтырып, 2025-жылдын 31-августуна чейин MKassaга катталуу жетиштүү. Кардар программага автоматтык түрдө кошулат. Толук шарттар жана арыз формасы — MBANK расмий сайтында.
MBANK — Биринчи санарип!
КР УБ №014 лицензиясы

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.