Эт тармагын өнүктүрүүгө жалпы 1,5 млрд сом жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Чүй облусунда жана Бишкекте эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду баштады.

Эт тармагын өнүктүрүүгө жалпы 1,5 млрд сом жеңилдетилген насыя берилет
Иллюстрациялык сүрөт

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор ийри мүйүздүү малдарды бордоп семиртүүдөн баштап, кайра иштетүү жана сатууга чейинки толук чынжырды камтыйт. Кластерлерди түзүү өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга, кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүүгө жана фермерлер үчүн туруктуу сатуу каналдарын камсыз кылууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Долбоордун алкагында фермерлерге жылдык 3% менен 60 айга чейин 12 ай жеңилдик мөөнөтү менен жеңилдетилген насыя берилет.

Жалпы каржылоо — 1,5 млрд сомду түзөт. Долбоор «Айыл Банк» жана  «Элдик Банк» аркылуу ишке ашат.

Маалымат алуу үчүн байланыш номер: +996 708 320 820.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.