Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 98.51 / 99.51
Курс RUB 1.077 / 1.110
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
98.51 / 99.51
RUB RUB
1.077 / 1.110
KZT KZT
0.117 / 0.187

Кыргызстандын Метал-тобу дүйнөлүк сахнага чыгат – өнөктөштөрдү издөө башталды

Кыргызстандык My Own Shiva метал-тобу Wacken Metal Battle аймактык тандоо турунда жеңип, Wacken Open Air фестивалында КРнын атынан чыгуу мүмкүнчүлүгүн алды.
Кыргызстандын Метал-тобу дүйнөлүк сахнага чыгат – өнөктөштөрдү издөө башталды

Wacken Open Air —дүйнөдөгү эң чоң жана эң абройлуу оор музыка фестивалдарынын бири. Ал жыл сайын Германияда өтүп, ондогон өлкөлөрдөн 80 миңден ашуун көрүүчүлөрдү чогултат. Бул жылы иш-чара 30-июлдан 2-августка чейин өткөрүлөт. Тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын музыкалык тобу бул эл аралык сахнага чыгат – бул музыканттардын өздөрү үчүн да, бүтүндөй өлкө үчүн да маанилүү окуя болуп саналат.

Бул эмнеге маанилүү

Wacken Open Air - фестивалына катышуу музыкалык гана жетишкендик эмес. Бул артистердин өздөрү үчүн да, бүтүндөй өлкө үчүн да маанилүү потенциалы жогору окуя. Мындай көрүнүштөр позитивдүү маданий чөйрөнү түзүп, Кыргызстандын эл аралык аренада таанылышын бекемдеп, дүйнөлүк деңгээлде атаандашууга жөндөмдүү таланттардын бар экенин көрсөтүп турат.

Учурда топ атайын программа даярдап, эл аралык каналдарда да жарнамалоо иштерин жүргүзүүдө.

Бизнес жана бренддер үчүн мүмкүнчүлүктөр

Азыркы тапта топ сапарга: виза, логистика, техникалык камсыздоо жана материалдарын даярдап жатышат. Мунун баары жигиттерден олуттуу ресурстарды талап кылат. Буга байланыштуу өнөктөштүк жана демөөрчүлүк колдоо мүмкүнчүлүктөрү ачылууда – мисалы, кандайдыр бир брендди эл аралык деңгээлде алып чыгуу мүмкүнчүлүгү. 

Мындай долбоорлорду колдоо маданиятты жана жаштарды өнүктүрүүгө багытталып, бренддин аброюн бекемдей алат.

Биз музыкалык топко колдоо көрсөткөн банк тармагынын өкүлдөрү эл аралык аренада сыймыктануу менен ардактуу музыкалык элчиси деген атты алып жүрөт деп ишенебиз.

Кызматташуу жолдорун жана колдоо форматтарын команданын өкүлдөрү менен түздөн-түз төмөнкү телефон аркылуу талкуулоого болот: +996 (550) 92 06 78.

Banks.kg порталы Wacken Open Air фестивалына аттанган музыканттарга колдоо көрсөтүп, My Own Shiva тобунун маалыматтык өнөктөшү болду. Биз метал-тобун кеңири аудиторияга тааныштырып, алардын фестивалга катышуусунун алкагында жетишкендиктери тууралуу кеп кылып турабыз. Бул биздин долбоордун социалдык миссиясынын бир бөлүгү болуп калат.

Топтун баракчасы My Own Shiva Инстаграмда.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.