Тиешелүү №562 токтому 2025-жылдын 5-сентябрында кабыл алынган.
Документке ылайык, Куралдуу күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу максатын көздөйт.
Токтом төмөндөгүдөй колдонулат:
- 2025-жылдын 1-июлуна чейин коммерциялык банктар же Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программалары аркылуу ипотекалык кредит алган кызматкерлерге;
- 2025-жылдын 2-июлунан тартып ипотеканы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программалары аркылуу алган кызматкерлерге.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып, он күндөн кийин күчүнө кирет.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.