Министрликтен белгилегендей, долбоор Япония, Сингапур жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген эл аралык тажрыйбага негизделет. Анын негизги куралы — «визуалдык тыныгуу» банкоматтардын жанына орнотулган милиция кызматкерлеринин макеттери.
Белгиленгендей, аталган визуалдык элементтер алдамчылардын психологиялык басымын бузуп, жарандарга токтоп, ойлонуп чечим кабыл алууга шарт түзөт.
Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, мындай чаралар каржылык кылмыштарды 40%га чейин азайтууга өбөлгө түзөт. TSARKA Кыргызстан жана ИИМ бул демилге аркылуу жарандардын каржылык коопсуздугун алдын ала коргоону максат кылат.
Ведомство кошумчалагандай, демилге алдын алуу чарасы катары ишке ашып, калкты финансылык кылмыштуулуктун заманбап түрлөрүнөн коргоого багытталган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.