Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын эң ири акционери болду

Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын эң ири акционери болду. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Кыргыз фондулук биржасынын президентинин милдетин аткаруучу Аида Чодулова билдирди.

Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын эң ири акционери болду
Сүрөт: Интернеттен алынды

Чодулова белгилегендей, эми мамлекетке биржанын 62,17% акциясы таандык.

Бул чечим президенттин 2022-жылдын 15-ноябрындагы №376 «Фонд рыногун жана биржа ишин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын негизинде кабыл алынган. 

Документ фондулук рыноктун жана биржалык ишмердүүлүктүн өнүгүүсүн камсыз кылуу, биржалык инфраструктураны чыңдоо жана улуттук институттарды түзүү милдеттери коюлган. Алар рынокту модернизациялоого гана эмес, мамлекеттик артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга катышууга да багытталган. 

Ал кошумчалагандай, 2025-жылдын 17-19-сентябрында КФБ аянтчасында коммерциялык банктардын депозиттерине жалпы суммасы 24 миллиард сомдук каражаттарды жайгаштыруу боюнча биринчи накталай аукцион өткөрүлгөн. Бардык каражаттар толугу менен ийгиликтүү жайгаштырылды.

«2025-жылы, КФБ масштабдуу техникалык жаңылоону баштады. Евразия өнүктүрүү банкынын грантына заманбап сервердик жабдуулар алынып, QUIK соода системасы ишке киргизилип, инвесторлорго компьютерлерден жана мобилдик тиркемелерден онлайн иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Система 2025-жылдын октябрынын экинчи жарымында ишке кириши пландалууда», - деп билдирди ал.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.