Курс USD 84.33 / 84.83
Курс EUR 92.96 / 93.93
Курс RUB 0.918 / 0.949
Курс KZT 0.121 / 0.191
USD USD
84.33 / 84.83
EUR EUR
92.96 / 93.93
RUB RUB
0.918 / 0.949
KZT KZT
0.121 / 0.191

MBANK тиркемесинде Кыргызстандан 160 өлкөгө ыкчам акча которуулар

ААК «Кыргызстан Коммерциялык банкы» | Кыргызстандагы алдыңкы банктардын бири болгон - MBANK, Кыргызстанда биринчилерден болуп уникалдуу, тез акча которуу кызматын сунуштады. Эми сиз MBANK тиркемеси аркылуу дүйнөнүн 160 өлкөсүнө түз акча жөнөтө аласыз.
MBANK тиркемесинде Кыргызстандан 160 өлкөгө ыкчам акча которуулар

Жаңы кызмат MBANK тын кардарларына которууларды салттуу ыкмаларды колдонууга караганда, алда канча тез жана ыңгайлуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Жаңы кызматтын артыкчылыктары:

  • Ылдамдык: Каражаттар токтоосуз, ыкчам жөнөтүлөт, бул сизге финансылык маселелерди тез чечүүгө мүмкүндүк берет.
  • Ыңгайлуулук: которууларды каалаган убакта, каалаган жерден MBANK тиркемесин колдонуу менен жүргүзүүгө болот. Банктын кеңселерине баруунун же татаал формаларды толтуруунун зарылылыгы жок. 
  • Ар түрдүүлүк: Телефон номуру аркылуу мобилдик капчыктар жана банк эсептерине которуулар боюнча колдоо, колдонуучуларга акча каражаттарын жөнөтүү ыкмаларынын кеңири тандоосун берет. 
  • Коопсуздук: Бардык которуулар заманбап шифрлөө технологиялары менен корголгон, бул маалыматтардын жана каражаттардын коопсуздугуна кепилдик берет.

«Жаңы эл аралык трансфер кызматын ишке киргизүү бул –MBANKтын глобалдык өнүгүү багытындагы дагы бир кадамы. Биз кардарларга Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да эң ыңгайлуу жана коопсуз финансылык чечимдерди сунуштоого умтулабыз», - деп баса белгиледи MBANKтын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү директору Марат Төралиев.

Жаңы мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн кардарлар:

  • MBANKты ачып, «Төлөмдөр» бөлүмүнө өтүңүз.
  • «Которуулар» → «Башка өлкөгө» категориясынан тандаңыз.
  • «Которуу түрүн» тандаңыз.
  • Төлөм кызматын тандаңыз.

Комиссиянын суммасы банк өнөктөшүнө жана которуунун түрүнө жараша болот.

Тарифтер, шарттар жана комиссиялар тууралуу кененирээк банктын www.mbank.kg расмий сайтынан биле аласыз.

MBANK – Биринчи санарип!

УБ КР лицензиясы №014.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.