Moody’s эл аралык рейтингдик агенттиги Кыргызстандын рейтингдин божомолун жогорулатты

Бул тууралуу КРнын Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Кыргыз Республикасынын рейтингин кайра карап чыгуу алкагында Moody’sагенттигинин аналитиктеринин иш сапары 2025-жылдын 17–19-июнунда өткөн.
Агенттиктин баалоосуна ылайык, божомолдун өзгөртүлүшү өлкөнүн макроэкономикалык жана фискалдык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышын, ошондой эле экономиканын потенциалдуу өсүү ылдамдыгынын жогорулашын чагылдырат Бул көрсөткүчтөргө жетишүү негизги реформалардын ишке ашырылышы, экономиканын тармактык диверсификациясы жана инфраструктурага активдүү инвестициялар аркылуу мүмкүн болду.
Белгиленгендей, өзгөчө мамлекеттик карыздын деңгээли төмөндөдү, 2020-жылы ИДПнын 64%ын түзсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 37%га чейин азайган.
Moody’s агенттиги структуралык реформаларды улантуу, башкаруу сапатын жакшыртуу жана сырткы коркунучтарга туруктуулукту жогорулатуу маанилүү экенин баса белгиледи.Бул багытта натыйжалуу саясат жүргүзүлсө, эгемендүү кредиттик рейтингдин жогорулашы мүмкүн.
Эске салсак, 2024-жылы Moody's рейтингдик агенттиги республиканын кредиттик рейтинги боюнча байкоосун «Терс» эмес, «Туруктуу» деп өзгөрткөн. Бул тууралуу «Финтех жана туруктуу өнүгүү: Каржынын келечеги» аттуу Бишкек эл аралык каржы форумунда министрлер кабинетинин башчысы, КРнын Президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров билдирген.
2025-жылдын апрель айында Кыргызстанга S&P Global Ratings эл аралык рейтингдик агенттиги тарабынан «Туруктуу» байкоо менен В+ жаңы кредиттик рейтинги ыйгарылган.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.