Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Рейтингдин жогорулашы өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн туруктуу динамикасын чагылдырат. Алардын катарында: уланып жаткан экономикалык өсүш, жан башына ИДПнын көбөйүшүн, масштабдуу инфраструктуралык инвестицияларды жана мамлекеттик финансылардын бекемделишин белгилейт.
Ошондой эле Moody’s белгилегендей, мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышы төмөндөөдө. Бюджеттин киреше базасын бекемдөөгө жана мамлекеттик финансылардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жүргүзүлүп жаткан фискалдык саясат оң бааланат.
Рейтингдин жогорулашы ата мекендик бизнес үчүн өзгөчө мааниге ээ. Жогорку суверендүү рейтинг кыргызстандык банктарга жана компанияларга эл аралык капитал рынокторуна чыгууга, эл аралык кредиттик рейтингден өтүүгө жана евробонддор жана башка финансылык инструменттер аркылуу каржылоо тартууга кошумча мүмкүнчүлүк түзөт.
Мамлекет үчүн бул эл аралык капиталды тартуу жана өлкөнүн экономикасын андан ары өнүктүрүү үчүн кошумча шарттарды түзөт.
Министрлер кабинетинин эл аралык кредиттик рейтингдер боюнча расмий консультанты катары Oppenheimer Europe инвестициялык банкы иштейт. Ал Кыргызстанга эл аралык рейтинг агенттиктери менен иштөөдө жана өлкөнүн суверендүү кредиттик рейтингдерин жогорулатууда көмөк көрсөтөт.
Маалымат үчүн:
Moody’s – мамлекеттердин, финансы институттарынын жана компаниялардын кредитке жарамдуулугун көз карандысыз баалоочу алдыңкы эл аралык рейтинг агенттиктеринин бири.
Анын рейтингдери эл аралык инвесторлор жана финансы институттары тарабынан кредиттик тобокелдиктерди баалоодо жана инвестициялык чечимдерди кабыл алууда кеңири колдонулат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.