Садыр Жапаров: Кыргызстандын экономикасына 100дөн ашык миллионерлер салым кошту

Иш-чарада өлкө башчы керамикалык плитка чыгаруучу заводдун кожоюну 15 млн доллар инвестиция салганын белгиледи.
«Бул чет өлкөгө чыгып кеткен активдердин кайтып жатканынын белгиси. Эки жыл мурда кабыл алынган жарандардын активдерин ыктыярдуу мыйзамдаштыруу жана мунапыс берүү тууралуу мыйзамдын иштеп жатканын көрсөтөт», — деди Садыр Жапаров.
Президент эки жыл мурда «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө», мыйзам кабыл алынганын эске салды.
«Бул демилге аркылуу 100дөн ашуун долларлык миллионерлер өз активдерин мыйзамдаштырышты. Мындай мүмкүнчүлүктү көптөгөн ишкерлер колдонушуп, заводдордун, фабрикалардын, IT-хабдардын курулушуна инвестиция сала башташты», - деп кошумчалады президент.
Ал мамлекет мындан ары да экономиканын реалдуу секторун колдоо саясатын улантарын баса белгиледи.
Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.