Ведомстводон билдиришкендей, платформа тармактар боюнча ченемдик-укуктук актыларды системалаштырат жана аларды издөөнү, колдонууну бир топ жеңилдетет. Жер, салыктар, эмгек, сот адилеттиги жана башка багыттар боюнча керектүү документтерди эми тезирээк табууга болот.
Ресурстун жаңы версиясы укуктук документтерди издөөнү жана колдонууну кыйла жөнөкөйлөтүү үчүн иштелип чыккан.
Мекеме жарандарды myizam.kg ресурсун сынап көрүүгө жана аны жакшыртуу боюнча сунуштарды калтырууга чакырды.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.