Улуттук банк мамлекеттик «Кылым Банк» ААКсын уюштурууга уруксат берди

КРнын Улуттук банкы 2025-жылдын 10-сентябрындагы чечими менен «Кылым Банк» ачык акционердик коомун уюштурууга уруксат берди.

Улуттук банк мамлекеттик «Кылым Банк» ААКсын уюштурууга уруксат берди
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Эске салсак, 2025-жылдын январь айында КРнын Министрлер кабинети 100% мамлекеттин катышуусу менен «Кылым Банк» ААКсын түзүү жөнүндө токтом кабыл алган. Банктын уставдык капиталы 1 млрд сомду түзгөн.

«Кылым Банк» ААКсынын пайда болушу Кыргызстандын банк тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Жаңы банк мамлекеттин толук катышуусу менен түзүлдү, бул аны экономикалык саясатты ишке ашырууда жана өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын колдоодо маанилүү инструментке айландырат. Дагы бир мамлекеттик банктын болушу сектордун финансылык туруктуулугун бекемдеп, калктын банктык кызмат көрсөтүүлөргө ишенимин жогорулатып, бизнестин жана жарандардын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтет.

Белгилей кетсек, республикада 100% мамлекеттин катышуусу менен бир катар банктар иштөөдө: «Айыл Банк» ААК, «Элдик Банк» ААК, «Керемет Банк» ААК,  «Capital Bank» ААК жана КРнын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы.