Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Улуттук банк насыя алуучулар көптөн көп күткөн чечим чыгарды

Мындан ары терс кредиттик таржымалы карыз алуучуларга узак убакыт бою тоскоолдук жаратпайт. Финансылык жөнгө салуучу орган кредиттик бюролордо маалыматты сактоо эрежелерин өзгөрттү.

Улуттук банк насыя алуучулар көптөн көп күткөн чечим чыгарды
Сүрөт: Banks.kg

Улуттук банк билдиргендей, Башкармалык тарабынан 2026-жылдын 15-июлунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» № 2026-П-12/36-4-(НПА) токтому кабыл алынды.

Токтом Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежерелерин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 59 «Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кредиттик бюролор тарабынан кредиттик маалыматты сактоо мөөнөтүн өзгөртүү бөлүгүнө ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Эске салсак, токтом долбоору июнь айынын башында коомдук талкууга коюлган. Андан соң Улуттук банк коомчулуктан жана каржы мекемелеринен пикирлерди күткөн. Учурда токтомдун тексти бекитилип, финансылык жөнгө салуучу органдын сайтында жарыяланды.

Төмөндө киргизилген негизги өзгөртүүлөрдүн тизмеси келтирилет:

  • позитивдүү насыялык маалымат үчүн – (эреже бузуусуз төлөнгөн насыялар) насыя толугу менен төлөнгөндөн кийин 5 жыл сакталат; 
  • негативдүү насыялык маалымат үчүн – (кечигүүлөр, бузуулар) 5 жылдын ордуна 2 жыл сакталат;  
  • суммасы 30 000 сомго барабар же андан аз насыялык бүтүм боюнча негативдүү кредиттик маалымат үчүн - 1 жылдан; 
  • кийинчерээк жоюлган насыялык маалымат сунуштоочу (юридикалык жак) тарабынан берилген, насыялык таржымалда камтылган маалымат акыркы жолу өзгөргөн күндөн тартып 2 жыл өткөндөн кийинки насыялык маалымат;  
  • насыялык келишим боюнча маалыматтар, ломбард тарабынан берилген күндөн тартып 1 жыл өткөндөн кийин;  
  • өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) же башка шартта, терс насыялык маалыматка киргизилбейт, анда насыялык маалымат субъектисинин өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусуна таасир эткен өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын киргизилишине байланышкан жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.

Улуттук банктын реестрине ылайык, Кыргызстанда эки кредиттик бюро иштейт: «Ишеним» ЖАК кредиттик бюросу жана «Сэйф энд Саунд» ЖАК кредиттик бюросу.

Эскерте кетсек, Banks.kg порталы буга чейин Орусияда 2022-жылы кредиттик таржымалды сактоо мөөнөтү 10 жылдан 7 жылга чейин кыскартылганын маалымдаган. Бул тажрыйба эл аралык стандарттарга шайкеш келери айтылган.

Казакстанда да терс кредиттик тарых боюнча маалыматтарды сактоо мөөнөтү мурда 10 жылды түзсө, кийин ал 5 жылга чейин кыскартылган. Бул чара карыз алуучулардын насыя алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетип, банк тутумундагы жүктү азайтары жана чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө түрткү берери белгиленген.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.