Улуттук банк эскилиги жеткен долларларды КРнын аймагынан алып чыгуу уруксатын күзгө чейин узартты

Улуттук банк Башкармасынын жаңы токтому эскилиги жеткен накталай долларларына, анын ичинде 2006-жылга чейинки үлгүдөгү нак АКШ долларларына тийиштүү.

Улуттук банк эскилиги жеткен долларларды КРнын аймагынан алып чыгуу уруксатын күзгө чейин узартты
Сүрөт: PROFI TRAVEL

КРнын Улуттук банкынын 2026-жылдын 18-февралындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ долларларын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому менен төмөнкүдөй чечим кабыл алынды: 

2026-жылдын 1-сентябрына чейин коммерциялык банктарга эскилиги жеткен нак АКШ долларларын, анын ичинде 2006-жылга чейинки үлгүдөгү нак АКШ долларларын башка нак жана (же) нак эмес АКШ долларларына алмаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга уруксат берилсин.

Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы жана Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгы токтом күчүнө кирген күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде документти төмөнкүлөргө тааныштырсын:

  • коммерциялык банктарга; 
  • чет өлкө валютасын сатууга жана сатып алууга укуктуу микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга; 
  • алмашуу бюролоруна; 
  • «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесине; 
  • «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесине; 
  • «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесине; 
  • Экономика жана коммерция министрлигине; 
  • Мамлекеттик бажы кызматына; 
  • УКМКнын Чек ара кызматына.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.