Улуттук банк акчаны сом менен баалоочу инструментти ишке киргизди

Кыргызстандын Улуттук банкы каржы системасын чыңдоонун жаңы инструментин иштеп чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков маалымат жыйынында билдирди.

Улуттук банк акчаны сом менен баалоочу инструментти ишке киргизди
Иллюстрациялык сүрөт

Анын айтымында, моделди иштеп чыгуунун максаты ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана акча рыногунун инструменттери боюнча пайыздык чендердин түзүмү жөнүндө маалыматты жеткиликтүү кылуу болуп саналат.

«Ийри кирешелүүлүк - финансылык жана акча рыногунун катышуучуларына келечектеги экономикалык кырдаалга жана инфляциялык процесстерге карата күтүүлөрдү түзүүгө жардам берген маанилүү көрсөткүч болуп саналат. Анда акча рыногунун кесипкөй катышуучулары болуп: казыналык жана коммерциялык банктар, инвесторлор, эл аралык финансы институттары жана чет элдик инвесторлор эсептелет», - деп белгиледи Козубеков.

Ал ийри кирешелүүлүк улуттук валютада – кыргыз сомунда белгилүү бир убакыт аралыгындагы акчанын наркын чагылдырат деп түшүндүрдү.

«Быйыл эл аралык уюмдар жана эксперттер менен биргеликте банктар аралык акча рыногуна комплекстүү диагностика жүргүздүк. Жакынкы келечекте биз акча-кредит саясатынын экономиканын реалдуу секторуна тийгизген таасиринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында банктар аралык операциялардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ишибизди улантууну жана активдештирүүнү пландап жатабыз», - деп кошумчалады Улуттук банктын жетекчисинин орун басары.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.