Улуттук банк электрондук акчаларды чыгарууну жөнөкөйлөтүүнү көздөөдө

КРнын Улуттук банкынын жаңы токтом долбоору төлөм уюмдары тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу процессин укуктук жөнгө салууну камсыз кылат, ошондой эле инновациялык төлөм кызматтарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп, калктын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтет.

Улуттук банк электрондук акчаларды чыгарууну жөнөкөйлөтүүнү көздөөдө
Сүрөт: Улуттук банктын имараты (интернеттен)

Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти. 

Улуттук банк Башкармасы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.  Документ Улуттук банктын ЧУА төлөм уюмдары тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КРнын 2025-жылдын 28-апрелиндеги №86 мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

«Төлөм уюмдары тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу боюнча операцияларды тестирлөө максатында түзүлгөн атайын жөнгө салуу режими ийгиликтүү аяктагандан кийин, 2025-жылдын 28-апрелинде «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамы кабыл алынды, ал төлөм уюмдары тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө толуктоолорду карайт», - деп жазылат токтом долбоорунун түшүндүрмө берүүчү бөлүгүндө. 

Мыйзам 61-берене менен толукталды, анда төлөм уюму Улуттук банктын электрондук акчаларды чыгаруу укугуна кошумча лицензиясы болгондо электрондук акчаларды чыгараары белгиленген. Электрондук акчаларды чыгарууга лицензия Улуттук банктын ЧУАнын талаптарына ылайык берилет. 

Буга байланыштуу Улуттук банктын бир катар ЧУАна өзгөртүүлөр киргизилет: 

  • электрондук акчаларды чыгаруу, жайылтуу жана жоюу; 
  • төлөм уюмдарын лицензиялоо;
  • төлөм системасына көзөмөл жүргүзүү;
  • кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) (КИК/ККЛК) каршы туруу. 

Документте ошондой эле төмөнкүлөр да каралган:  

  • төлөм уюмдарынын электрондук акча чыгаруу укугуна лицензия алуу үчүн талаптарды аныктоо, анын ичинде уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана төлөм уюму катары иш тажрыйбасынын болушу;  
  • электрондук акча боюнча милдеттенмелерди камсыз кылуучу атайын банктык эсепке каражаттарды депонирлөө тартиби аныкталган;  
  • электрондук акча чыгарууга укугу бар субъекттердин кеңейишине байланыштуу ЧУАдын терминологиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү;  
  • ички контролдун, маалыматтык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга жана КИК/ККЛК каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардын талаптарын тийиштүү түрдө аткарууга багытталган ченемдерди бекитүү.  

Токтом долбоору социалдык, экономикалык, укуктук, адам укуктары, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбей тургандыгы белгиленди. 

Документ менен толук бул шилтемеден тааныша аласыз. Ал эми сын-пикирлерди жана сунуштарды 2025-жылдын 27-октябрынан кечиктирбестен Улуттук банкка, ошондой эле электрондук версиясын (Word форматында) [email protected] электрондук дарегине жөнөтө аласыз.