КРнын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 12-ноябрында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алган.
Токтом банктардын, анын ичинде байланыштуу жана аффилирленген жактар менен операцияларды жүргүзүүдө кредиттик саясатын жүзөгө ашыруусу, күрөө мониторингинин механизмдерин өркүндөтүү, банктардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү, банктар тарабынан «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамына ылайык эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрү боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.
«Баалуу металлдар менен коммерциялык банк операциялары жөнүндө» жобонун 2.6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Баалуу металлдардагы активдердин максималдуу көлөмүн жана баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү үчүн каражаттардын суммасын эсептөөдө «Виртуалдык активдер жөнүндө» КРнын мыйзамына ылайык эмитенттин виртуалдык активдерин алгачкы жайгаштыруу менен байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында баалуу металлдардагы активдер жана акча каражаттары алынып салынат».
63-1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- акыркы календардык жыл ичинде кредиттик келишимдин шарттарын бузууга жол берилбеген жана/же реструктуризациялоо жүргүзүлбөгөн 500 миң сомго чейинки кредиттерди кошпогондо, калган кредиттер үчүн жылына кеминде бир жолу. Акыркы календардык жыл ичинде кредиттик келишимдин шарттарын бузууга жол берилбеген жана/же реструктуризациялоо жүргүзүлбөгөн 500 миң сомго чейинки кредиттерге кредит боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде талдап-иликтөөнү болжолдогон төлөм мониторинги жүргүзүлөт.»;
65-пунктунун онунчу абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«-кредиттөө максаттарына жараша, эгер болгон болсо документтер менен тастыкталган (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар ж.б.) кредиттин максаттуу пайдаланылышына баа берүү, буга 300 миң сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит жана банк тарабынан акча каражаттары товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучунун / сунуштоочунун эсебине накталай эмес формада чегериле турган 500 миң сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит кирбейт.»;
68-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышын жана анын учурдагы наркынын өзгөрүп кетиши мүмкүнчүлүгүн туруктуу негизде контролдоо максатында банк күрөөлүк мүлккө мониторинг жүргүзүп турууга тийиш, анын ичинде сакталган жери жана жайгашкан ордуна баруу жана/же күрөөгө коюлган мүлктү реалдуу убакыт режиминде текшерүүгө мүмкүндүк берген видео жана фотосүрөткө тартууну колдонуу аркылуу. Мында банк, анын ичинде видео жана фотосүрөткө тартуу аркылуу жүргүзүлгөн мониторинг жөнүндө отчётту кредиттик досьени сактоонун белгиленген мөөнөттөрүнө ылайык сактоону камсыз кылууга тийиш.»;
Банк тарабынан күрөөгө мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы жана ыкмалары кредиттик/күрөө саясатына ылайык жана кредит сапатына, ошондой эле жоготуу тобокелдигин эске алуу менен күрөөнүн түрүн кошо алганда, башка факторлорго жараша аныкталат. Кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө мониторинг суммасы кеминде 300 миң сомду түзгөн кредит боюнча жылына бир жолу жүргүзүлүп турууга тийиш.
Суммасы 300 миң сомду жана андан көптү түзгөн кредит боюнча кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө мониторинг төмөнкүчө ишке ашырылууга тийиш:
- эгерде кредит 30 жана андан көп пайыз чегинде кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо жарым жылда кеминде бир жолу;
- эгерде кредит 30 пайызга жетпеген чекте кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо жыл ичинде кеминде бир жолу.
Банк тарабынан күрөөлүк мүлктүн сакталышына контролдуктун камсыз кылынышы милдеттүү шарттан болууга тийиш. Мында, төмөнкү учурларга өзгөчө көңүл буруу зарыл:
- камсыздоонун рыноктук наркы төмөндөгөнбү;
- акыркы текшерүүдөн бери күрөөнүн ликвиддүүлүгүн төмөндөткөн кандайдыр бир факторлор барбы;
- күрөөнүн сакталышы камсыз кылынуудабы.
«Мына ушул чаралардын бардыгы банкка карыз алуучулардын, демек кредиттин абалынын начарлоого карата мүмкүн болуучу тенденцияларын аныктоого жардам берет. Бул тенденциялар канчалык тез аныкталса, банк кырдаалды оңдоо боюнча тиешелүү чараларды ошончолук ыкчам кабыл алып, өз таламдарын коргоону камсыз кылат.»;
Токтом менен толук бул шилтемени басып таанышыңыз. Ал жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.