Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдын басма сөз кызматы билдирди.
КРнын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.
Токтом долбоору Кыргызстандынаймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежерелеринин кредиттик бюролор тарабынан кредиттик маалыматты сактоо мөөнөтүн өзгөртүү бөлүгүндө талаптарын КРнын 2026-жылдын 29-апрелиндеги «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Кредиттик маалыматты сактоо мөөнөтүндө эмне өзгөрөт?
Колдонуудагы редакцияда
Колдонуудагы редакцияда кредиттик таржымалды архивдик сактоо мөөнөтү позитивдүү насыялык маалымат үчүн жети жыл жана негативдүү кредиттик маалымат үчүн беш жыл (кредитти төлөө/эсептен чыгаруу датасынан тартып).
Кийинчерээк жоюлган насыялык маалымат сунуштоочу (юридикалык жак) тарабынан берилген, насыялык таржымалда камтылган маалымат акыркы жолу өзгөргөн күндөн тартып беш жыл өткөндөн кийинки насыялык маалымат.
Сунушталган редакцияда
Анда сактоо мөөнөтү милдеттенмелер аткарылган күндөн тартып бир жылды түзгөн, анын суммасы 30 миң сомго барабар же андан аз насыялык бүтүм боюнча негативдүү кредиттик маалыматты кошпогондо, насыялык таржымалдарды архивдик сактоо мөөнөтү кредиттик таржымалда камтылган дебитордун милдеттенмелери жөнүндө маалымат акыркы өзгөртүлгөн күндөн тартып (кредитти төлөө/эсептен алып салуу күнүнөн тартып) алгылыктуу кредиттик маалымат үчүн беш жылды жана терс кредиттик маалымат үчүн эки жылды түзүүгө тийиш.
Сунушталган редакцияда насыялык таржымалга төмөнкү маалыматтар киргизилбейт:
1. Аткаруу датасынан тартып төмөнкү мөөнөттөрдөн ашык убакыт өткөн насыялык маалымат субъектисинин акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу маалыматтар:
- позитивдүү насыялык маалымат үчүн - беш жылдан;
- негативдүү насыялык маалымат үчүн - эки жылдан;
- суммасы 30 миң сомго барабар же андан аз насыялык бүтүм боюнча негативдүү кредиттик маалымат үчүн - бир жылдан;
2. Кийин жоюлган насыялык маалымат берүүчү (юридикалык жак) тарабынан берилген насыялык таржымалда камтылган маалымат акыркы жолу өзгөргөн күндөн тартып эки жыл өткөндөн кийинки насыялык маалымат.
Ломбарддар үчүн
Учурдагы редакцияга ылайык, ломбард берген кредиттик келишимдин маалыматы бир жыл бою сакталат. Сунушталган редакция боюнча ломбарддарды сактоо шарттары мурдагыдай эле калтырылды.
Бул токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. Документ менен толук бул шилтемеден таанышууга мүмкүн.
Эске салсак, Banks.kg буга чейин 2022-жылы Орусияда кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтү 10 жылдан 7 жылга кыскарганын билдирген. Бул эл аралык практикага туура келет.
Казакстанда терс кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтү да 10 жыл болгон, бирок 5 жылга кыскарган. Бул чара насыя алуучулардын кредит алуусун жеңилдетип, чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө түрткү болору белгиленген.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.