Улуттук банктын резерви көбөйүп, кирешеси 13 эсеге өстү

КРнын Улуттук банкынын кирешеси 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен эң чоң өсүшкө жетип, өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн дээрлик 13 эсе көп болду.

Улуттук банктын резерви көбөйүп, кирешеси 13 эсеге өстү
Сүрөт: Интернеттен алынды

Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдын каржылык отчетунда айтылат. 

Документте белгиленгендей, КРнын Улуттук банкынын таза кирешеси 33,2 млрд сомду түзгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн дээрлик 13 эсе көп.

Кирешенин өсүшүнө валюталык активдер менен болгон операциялар жана алтынды кайра баалоо негизги салым кошкон. Бул багыттар боюнча резервдер дээрлик үч эсеге көбөйүп, 182 млрд сомго жетти, бул акыркы жылдардагы эң чоң өсүш болуп саналат.

Улуттук банктын финансылык абалы олуттуу түрдө бекемделген:

  • жалпы капитал 227,9 млрд сомго жетти;
  • активдер менен милдеттенмелердин жалпы көлөмү 798 млрд сомдон ашты.

2025-жылдын III чейрегинин акырына карата жүгүртүүдөгү банкноттордун жана монеталардын көлөмү 290 млрд сомду түздү, бул бир жыл мурункуга караганда 55 млрд сомго көп.