Улуттук банктан билдиришкендей:
- 53 миллион АКШ доллары келишимдин аяктоо күнү эсептешүүлөр менен сатылган;
- 28,5 млн АКШ доллары келишим түзүлгөн күндөн башка күнү ишке ашырылган.
2025-жылдын биринчи интервенциясын КРнын Улуттук банкы 13-январда ишке ашырып, келишимлин суммасы 79 миллион АКШ долларын түзгөн.
Экинчи интервенция 158,3 миллион АКШ долларын түзүп, 29-апрелде болгон.
Үчүнчү интервенция 26-майда болуп өттү. Анда Улуттук банк валюта рыногунда 59,8 миллион доллар сатты.
Бул жылы жөнгө салуучу эч кандай тескери интервенция жүргүзгөн жок.
Эске салсак, акыркы беш жылда Улуттук банк 99 интервенция жасаган. 2020-жылдан 2024-жылга чейин жөнгө салуучу валюта рыногунда 2,9 миллиард доллар саткан.