Мыйзамды билбегендик жоопкерчиликтен куткарбайт. Улуттук банк дропперлердин түрлөрүн санады

Заманбап алдамчылык схемасы аркылуу көбүнчө карапайым жарандар кылмыш ишине кириптер болуп калат. Дропперлер алдамчылык схемасындагы ролуна, катышуу ыкмасына жана канчалык деңгээлде түшүнүп катышканына жараша бөлүнөт.

Мыйзамды билбегендик жоопкерчиликтен куткарбайт. Улуттук банк дропперлердин түрлөрүн санады
Сүрөт: интернеттен алынды

Кыргызстандыктарга жардам берүү үчүн КРнын Улуттук банкы укук коргоо органдары жана банктар көп колдоно турган түшүнүктүү классифкацияны сунуш кылат.   

1. Түшүнүү деңгээли боюнча

«Аң-сезимдүү» дроппер

Анда жаран мыйзамсыз ишке катышып жатканын түшүнөт. Ал эмне кылат:

  • банк картасын сатат;
  • банк тиркемесине кирүү мүмкүнчүлүгүн берет;
  • башка бирөөнүн акчасын пайыз кошуу менен накталай чыгарып берет же которот.

Аң-сезимдүү дроппер акча табуу үчүн иштейт. 

«Аңдабаган» дроппер

Бул дропперлердин эң көп жайылган түрү. Аны тартуунун ыкмалары:

  • «Оңой онлайн жумуш»;
  • «Айлык которуу учун карта керек»;
  • «Акча алууга жардам бер».

Ал жардам берип жатам же иштеп жатам деп ойлойт, бирок чындыгында кылмышка катышып калат.

2. Схемадагы ролу боюнча

Карта дроппери

Төмөнкүлөрдү берет:

  • банк картасын;
  • PIN-кодду;
  • мобилик банкка кирүү мүмкүнчүлүгүн. 

Уурдалган акча анын эсеби аркылуу өткөрүлөт. 

Санарип (онлайн) дроппер

Төмөнкүлөрдү берет:

  • электрондук капчыктарды;
    SIM-карталарды;
    мессенджер же банк тиркемелериндеги аккаунттарды.

Санарип дроппери аралыктан аткарылуучу операциялар үчүн колдонулат.

Накталай чыгаруучу (cash-out дроппер) 

Ал акчаны алып:

  • накталай чыгарат;
  • андан ары башка эсептерге которот.

Транзиттик дроппер

Анын эсеби «аралыктан өткөрүүчү пункт» катары колдонулат.

Акча жолу: жабырлануучу → дроппер → кийинки эсеп → уюштуруучулар.

3. Тартуу ыкмасы

Бул ыкма төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Студент дроппер – кошумча иш издеген жаштар.
  • Социалдык жактан аялуу адамдар - пенсионерлер, жумушсуздар.
  • Онлайн-дроппер - соцтармактар же Telegram аркылуу табылат.
  • Тааныштар аркылуу - «досунун суранычы менен».

Эске алуу манилүү! Мыйзамды билбестик жоопкерчиликтен куткарбайт. Адам билбеген учурда да мыйзам боюнча жооп берип, кылмышка катышуучу катары каралат, анткени анын эсеби уурдалган акчаны мыйзамдаштырууга колдонулган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.