Анда төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
2026-жылдын 1-мартына чейин коммерциялык банктарга эскилиги жеткен нак АКШ долларларын, анын ичинде 2006-жылга чейинки үлгүдөгү нак АКШ долларларын башка нак жана/же нак эмес АКШ долларларына алмаштыруу максатында Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга уруксат берилсин.
Токтом менен толук бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз.
Эске салсак, Улуттук банктын 2024-жылдын 13-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскирген АКШ долларларын убактылуу сыртка чыгарууга уруксат берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, коммерциялык банктарга 2025-жылдын 1-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын аймагынан эскирген АКШ долларлар менен 2006-жылга чейинки накталай АКШ долларларын сыртка чыгарууга уруксат берилди. Алардын ордуна жаңы үлгүдөгү накталай жана (же) накталай эмес АКШ долларларын алуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Ал эми 2025-жылдын март айында Улуттук банк Кыргыз Республикасынан эскирген АКШ долларын алып чыгууга уруксатты 2025-жылдын 1-сентябрына чейин узарткан.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.