Улуттук банк: Freedom банктан эч кандай билдирүү келип түшкөн жок

Freedom Holding Corp холдингинин башчысы, миллиардер Тимур Турлов өзүнүн банктык империясын Казакстандан тышкары жигердүү кеңейтүүдө. Анда ЖМКлар «Казакстандын Фридом банкы» Кыргызстанда туунду банк түзүп, ал кийин банк болорун маалымдашкан.

Улуттук банк: Freedom банктан эч кандай билдирүү келип түшкөн жок
Сүрөт: Минкаб

Forbes Kazakhstan басылмасы жазгандай, Бишкекте «Фридом Банк KЖ» (Freedom Bank KG) ЖАК түзүлөт. Анын уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзөт. «Казакстан Фридом банкы» Кыргызстандын туунду компаниясынын уставдык капиталына 100% ээлик кылат.

Ал эми аталган банкты түзүү үчүн Казакстан Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин макулдугу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан банктык лицензия алуу талап кылынат.

Буга байланыштуу биздин редакция КРнын Улуттук банкына кайрылганыбызда, «Казакстандын Фридом банкынан» эч кандай билдирүү келбегенин билдиришти. 

«Эгерде жеке же юридикалык жак Кыргыз Республикасында коммерциялык банк түзүүгө ниеттенсе, анда Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген арызды жана зарыл документтерди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү зарыл. 2025-жылдын 16-декабрына карата «Казакстандын Фридом банкынан» эч кандай арыз түшкөн эмес», — деп билдирди жөнгө салуучу орган.

Ишкер Тимур Турлов грузин рыногуна чыгуу планын да жарыялап, буга чейин казакстандык жөнгө салуучу органдан керектүү уруксатты алганын билдирген. Ал Түркиядан банк алууну көздөөдө, ошондой эле Тажикстанда анын каржы мекемесинин туунду банкы ачылган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.