Улуттук банк ата мекендик экспорттоочуларды колдоону сунуштады

«КРнын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
КРнын Улуттук банкынын токтом долбоору төмөнкүлөргө багытталган:
- пруденциалдык жөнгө салууну эл аралык стандарттарга (Базель III) ылайык келтирүү;
- бизнес үчүн сооданы каржылоо инструменттеринин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана баасын төмөндөтүү;
- 2025-2028-жылдарга «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын жана КРнын МинКабынын башка демилгелеринин катышуучуларын финансылык колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Документте учурдагы жөнгө салуу сооданы каржылоо инструменттеринин өзгөчөлүктөрүн толугу менен эске албаганы, атап айтканда, эл аралык соодага байланыштуу кыска мөөнөттүү, өзүн-өзү жоюучу милдеттенмелер тобокелдик деңгээли боюнча кыйла кооптуу милдеттенмелерге теңештирилгени белгиленген. Бул банктардын кошумча камдарды түзүшүнө жана тобокелдиктин азыраак операциялары үчүн капиталдын жогорку деңгээлине ээ болушуна алып келет.
Токтом долбоору менен Улуттук банктын бир катар ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү сунушталды:
- коммерциялык банктардын капиталынын шайкештигинин (адекваттуулугунун) ченемдерин аныктоо боюнча нускамада;
- «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүдө потенциалдуу жоготууларды жана зыяндарды жабуу үчүн активдерди классификациялоо жана резервге тиешелүү чегерүү жөнүндө» жободо;
- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш жүргүзгөн банктар үчүн капиталдын шайкештигинин ченемдерин аныктоо боюнча нускамада;
- «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготууларды жана зыяндарды жабуу үчүн резервге тиешелүү чегерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» жободо.
Түзөтүүлөр 5 критерийге жооп берген шартта, 20% кредиттик конвертация коэффициенти менен баланстан тышкаркы милдеттенмелер үчүн жаңы, төмөн тобокелдик категориясын киргизет:
- кыска мөөнөттүү;
- соода менен байланыш;
- өзүн-өзү жоюу;
- эл аралык практикага ылайык келүү;
- контрагенттин төмөн тобокелдиги.
Мындан тышкары, 0% резервди түзүү талабы менен мындай милдеттенмелерди «нормалдуу» катары классификациялоого мүмкүндүк берген стандарт сунушталууда.
Бул ыкма Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттарына толугу менен шайкеш келет жана Европа биримдигинин, АКШнын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарында ишке ашырылган.
Документ менен кененирээк бул шилтемени басып тааныша аласыз.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.