Курс USD 87.19 / 87.69
Курс EUR 101.65 / 102.63
Курс RUB 1.102 / 1.129
Курс KZT 0.140 / 0.181
USD USD
87.19 / 87.69
EUR EUR
101.65 / 102.63
RUB RUB
1.102 / 1.129
KZT KZT
0.140 / 0.181

МинКаб менен Улуттук банк накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү программасын жаңылоону сунуштады

КРнын МинКабы жана Улуттук банктын токтом долбоорунда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу жана маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Өзгөртүүлөр программанын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
МинКаб менен Улуттук банк накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү программасын жаңылоону сунуштады

Бул тууралуу Улуттук Банктын басма сөз кызматы билдирди. 

КРнын Улуттук банкы жана КРнын Министрлер Кабинети «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдын 29-декабрындагы «2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады. 

Токтом долбоору 2023-2027-жылдары Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын тактоо максатында иштелип чыккан.

«Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында накталай эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр системасын уюштуруу-укуктук өнүктүрүүгө, калк арасында накталай эмес төлөмдөрдү жайылтууга, банктык жана төлөм кызматтарын жакшыртууга жана коопсуздуктун зарыл деңгээлин камсыз кылууга багытталган 18 пункт жана 24 иш-чара камтылган. 2025-жылдын 1-июнуна карата пландын 9 иш-чарасы аткарылды, 2 иш-чара аткарылган жок деп табылды», — деп айтылат токтом долбоорунун негиздемесинде.

Мамлекеттик программаны ишке ашырууга төмөнкүлөр катышат:

  • 21 мамлекеттик орган;
  • коммерциялык банктар;
  • төлөм системасынын операторлору;
  • төлөм уюмдары;
  • ЖАК «Банктар аралык процессинг борбору»;
  • чарбалык бирикмелер.

КРнын өкмөтүнүн жана КРнын Улуттук банкынын токтому менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иштерди координациялайт. Улуттук банк иш-чаралар планына өзгөртүү киргизүү долбоорун даярдаган. Ал 2025-жылдын 16-апрелинде ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында каралып, жактырылган.

Токтом долбоору менен Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

  • айрым иш-чаралардын жооптуу аткаруучулары катары көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын аталышын өзгөртүүгө жана функцияларын өзгөртүүгө байланыштуу өзгөртүүлөр;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө, ошондой эле соода жана тейлөө ишканаларында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн банктык жабдуулардын болушун камсыз кылуу бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында эсептешүүлөр жөнүндө» КРнын мыйзамын кабыл алууга байланыштуу өзгөртүүлөрдү;
  • планды социалдык төлөмдөрдү алуу жана айрым операцияларды комиссиялык төлөмсүз жүргүзүү үчүн жеке жактар үчүн базалык банк эсебин ачуу механизмин киргизүүнү караган жаңы чара менен толуктоо.

Токтомдун долбоорунда учурдагы милдеттерди эске алуу менен Мамлекеттик программаны натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо боюнча Иш-чаралар планынын жаңы редакциясын бекитүү сунушталууда. Документ тууралуу кененирээк шилтеме аркылуу кирип таанышса болот.

Эске салсак, 2023-2027-жылдары накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө КРнын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын токтомунун долбоору 2023-жылдын июль айында коомдук талкууга коюлган.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.