Негативдүү насыялык тарыхты сактоо мөөнөтү 2 жылга чейин кыскарышы мүмкүн

2-мартта Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда колдоого ээ болду.

Негативдүү насыялык тарыхты сактоо мөөнөтү 2 жылга чейин кыскарышы мүмкүн
Иллюстрациялык сүрөт

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору насыялык маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, мыйзам долбоору менен карыз алуучулардын насыялык маалыматтарын сактоо мөөнөттөрүн кыскартуу каралууда, бул карыз алуучулардын кредиттерге жетүүсүн жеңилдетүүгө, банк тутумуна болгон жүктөмдү азайтууга жана чакан жана орто бизнестин өнүгүшүн стимулдаштырууга мүмкүндүк берет.

Депутаттардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен төмөнкүдөй сунушталды: 

  • негативдүү насыялык маалыматты эсепке алуунун жалпы мөөнөтүн 5 жылдан 2 жылга кыскартуу;
  • позитивдүү насыялык маалымат үчүн 7 жылдан 5 жылга кыскартуу.

Мыйзам кабыл алынса, өзгөртүүлөр кредиттик файлдарды түзүү практикасына жана финансы институттары тарабынан карыз алуучуларды баалоо шарттарына таасирин тийгизиши мүмкүн.

Буга чейин негативдүү кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтүн үч жылга чейин кыскартуу сунушталган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.