2026-жылдан тарта үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилет. Аны кимдер алууга болот?

Кыргызстанда ай сайын берилүүчү «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» жөлөк пулу бекитилди.

2026-жылдан тарта үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилет. Аны кимдер алууга болот?
Иллюстрациялык сүрөт

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Документке ылайык, жарандарга (үй-бүлөлөргө) кошумча мамлекеттик колдоо көрсөтүү багытында бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана өзгөчө макамы бар чек арадагы аймактардын тургундарынын үч жашка чейинки балдарына ай сайын жөлөк пул бериле баштайт. 

Токтомго ылайык, 3 000 сом үй-бүлөдөгү үчүнчү жана андан кийинки ар бир балага 3 жашка чыкканга чейин берилип турмакчы.

Финансы министрлигине жөлөк пулдарды өз убагында төлөө үчүн республикалык бюджеттен керектүү каражаттарды бөлүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине тапшырылды. Бул үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү багытында жасалууда.

Жаңы тартип 2026-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.