Жаңыча иштөө: актуарийлерди жана брокерлерди каттоодон өтүүгө жана жыйымдарды төлөөгө милдеттендириши мүмкүн

Кыргызстанда камсыздандыруу брокерлерин жана актуарийлерди каттоо үчүн жыйымдарды киргизүү пландалууда. Экономика министрлиги долбоорду комдук талкууга алып чыкты.

Жаңыча иштөө: актуарийлерди жана брокерлерди каттоодон өтүүгө жана жыйымдарды төлөөгө милдеттендириши мүмкүн
Иллюстрациялык сүрөт

Экономика жана коммерция министрлиги Министрлер кабинетинин «Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлерин бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо жана кайра каттоо үчүн жыйымды белгилөө жана актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Маалыматка ылайык, документ «Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясын ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан жана актуарийлер менен камсыздандыруу брокерлеринин кесиптик ишке жол берүүсүн тартипке келтирүүгө багытталган.

Токтом долбоору төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  • каттоо, кайра каттоо жана реестрди жүргүзүү үчүн бир жолку жана жылдык жыйымдардын өлчөмдөрүн аныктоо; 
  • актуарийлерди жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүгө бирдиктүү ыкмаларды киргизүү; 
  • каттоо, кайра каттоо, каттоодон баш тартуу жана реестрден чыгаруу жол-жоболорун белгилөө; 
  • камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынын кесиптик ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун жана көзөмөлүн камсыз кылуу.

Министрлик учурдагы мыйзамдарда камсыздандыруу брокерлерин жана актуарийлерди каттоо жол-жоболорун, ошондой эле тиешелүү жыйымдарды жөнгө салуучу ченемдер жок экенин белгиледи. Ошону менен катар, мыйзам боюнча ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу рыногунда иштөөгө ыйгарым укуктуу адистердин бирдиктүү реестрин жүргүзүүнү талап кылат.

Долбоор актуарийлер жана камсыздандыруу брокерлери жөнүндө акыркы маалыматтар менен расмий жана жалпыга жеткиликтүү ресурсту түзүүнү, ошондой эле ачык-айкын бекитүү жана көзөмөлдөө жол-жоболорун ишке ашырууну карайт. Иштеп чыгуучулардын айтымында, бул жөнгө салуунун системалуу мүнөзүн жакшыртат жана камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынын ишенимин жогорулатат.

 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.