Курс USD 87.31 / 87.79
Курс EUR 102.45 / 103.45
Курс RUB 1.104 / 1.129
Курс KZT 0.141 / 0.181
USD USD
87.31 / 87.79
EUR EUR
102.45 / 103.45
RUB RUB
1.104 / 1.129
KZT KZT
0.141 / 0.181

«Ала-Арча» паркындагы жаңы эрежелер: эс алуу үчүн канча каражат керек

1-майдан тарта «Ала-Арча» улуттук жаратылыш паркында жаңы эрежелер иштеп баштады. Башкы өзгөрүүлөр унаа менен кирүү жана туристтик инфраструктураны уюштуруу маселелерине байланыштуу болду — эми электромобилдерден тышкары жеке унаалар менен паркка кирүүгө тыюу салынат.
«Ала-Арча» паркындагы жаңы эрежелер: эс алуу үчүн канча каражат керек

Кирүү жана транспорт боюнча жаңы схема

Көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдында 700 орундуу унаа токтотуу жайы курулду, мындан тышкары кошумча унаа токтотуучу жайлар курулууда. Жакын арада алардын жалпы саны 2 500 орунга чейин жетиши күтүлүүдө.

Электромобилдердин ээлери үчүн паркка кирүү атайын тариф боюнча уруксат берилет — 800 сом.

Кадимки автоунаалар үчүн корук аймагына кирүүгө тыюу салынган.

Кирүү тартиби кандай уюштурулган

КӨПда турникеттер жана төлөм терминалдары орнотулган.

Кирүү баасы:

  • 200 сом — чоңдор үчүн;
  • 150 сом — 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн;
  • акысыз — 7 жашка чейинки балдар үчүн.

Парк ичиндеги транспорт

КӨПнан кийин туристтерди 80ге жакын электробус тосуп алат. Алар парк ичинде каалаган жерге бекер жеткиришет.

Жаңы пикник эрежелери

Парк аймагында шишкебек бышырууга жана от жагууга тыюу салынат. Анын ордуна атайын эс алуу жайлары уюштурулуп, аларда газ менен иштеген казандар жана мангалдар орнотулган. Ошондой эле мамлекеттик коомдук тамактануу жайлары ачылган.

Кошумча шарттар

Парк ичинде ресторан, конок үйлөрү, ошондой эле кофе, чай, таттууларды  саткан мини-кафелер иштеп жатат.

Парк тууралуу: 

«Ала-Арча» улуттук паркы 1976-жылы негизделген, аянты 19,5 миң гектарды түзөт. 

Парк туризмге уруксат берилген активдүү эс алуу зонасына, ал эми тынч аймакка келгендер үчүн жабык корголуучу аймакка бөлүнгөн.

Жазгы жана жайкы сезондо бул жерде жөө жүрүү жана ат минүү саякаттары белгилүү.

Шарттарды модернизациялоо туристтик тейлөөнү жакшыртууга, жаратылышты коргоого жана аймактын уникалдуу экосистемалык балансын сактоого багытталган.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.