Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«Менин үйүм» программасын ишке ашыруунун жаңы эрежелери бекитилди: негизги өзгөртүүлөр

Садыр Жапаров «Менин үйүм»мамлекеттик турак-жай программасына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Жаңыланган документ катышуучулардын чөйрөсүн кеңейтип, жаңы каржы механизмдерин жана Бишкек шаарында ошондой эле аймактарда турак жай квоталарын киргизет.

«Менин үйүм» программасын ишке ашыруунун жаңы эрежелери бекитилди: негизги өзгөртүүлөр
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. 

Турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана кыргызстандыктарга турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында, бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. 

1. Жаңыланган программа боюнча турак-жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү эми төмөнкүлөргө жеткиликтүү болот:

  • мамлекеттик органдарга МИКтин башкармасынын чечимдерине ылайык турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү берилет; 
  • балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө – томолой жетимдер, жашы жеткен учурдан тартып. 

2. Турак жай курулушун камтууну оперативдүү көбөйтүү максатында конкурстук жол-жоболорду өткөрбөстөн, түз сүйлөшүүлөр методу менен МИКтин Директорлор кеңешинин чечими боюнча биргелешкен иш жөнүндө макулдашууларды түзүү жолу аркылуу жеке өнөктөштөр тартылат;

3. МИКтин турак жай фондун түзүүгө катышкан министрликтерге жана ведомстволорго программанын катышуучуларынын тизмелерин түзүү жол-жобосун колдонбостон турак жай каржылоосун алууга биринчи кезектеги укук берилет. Квота берүү МИКтин Директорлор кеңешинин чечими менен аныкталат жана төмөнкүлөрдү түзөт:

  • Бишкек шаарында жайгашкан конкреттүү объекттеги батирлердин жалпы санынан 10 пайызга чейин;
  • региондордо жайгашкан конкреттүү объекттеги батирлердин жалпы санынан 20 пайызга чейин;

4. Болгон турак үйдү капиталдык оңдоо жана кеңейтүү механизмдеринин алкагында программага менчик турак үйү бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусуна жол берилет.

Ипотека шарттарына да өзгөртүүлөр киргизилди 

Ипотекалык кредиттин суммасы зайымчынын төлөө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен, ошондой эле МИКтин өнөктөш банктар менен башкы макулдашууларынын жоболоруна ылайык, кредиттик келишим түзүлгөн датага карата болот. 

«Топтомо ипотека» продуктунун алкагында – сатып алынган турак үйдүн наркынан 20%дан ашпашы керек. 

Багыттар боюнча, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча турак жай менен камсыздоо механизмдери боюнча баштапкы төгүмдүн минималдуу суммасы:

  • «Социалдык ипотека» турак үйдүн наркынан 10%дан кем эмес; 
  • «Жеңилдетилген ипотека» турак үйдүн наркынан 20%дан кем эмес; 
  • «Арзан ипотека» турак үйдүн наркынан 20%дан кем эмес.

Катышуучунун жеке салымы болбогон учурда өнөктөш банктын ыктыяры боюнча кошумча күрөөнү берүүгө, ошондой эле кепилдик фонддорунун финансылык инструменттерин колдонууга жол берилет.

«Топтомо ипотека» продуктунун алкагында – катышуучунун МИКтин өнөктөш банкында ачылган депозиттик эсебинде турак үйдүн наркынын 30% пайызы:

  • катышуучу тарабынан аныкталган мезгил ичинде топтолгон шартта салымдын мөөнөтү 6 айдан кем эмес;
  • салымдын мөөнөтү 3 айдан кем эмес – топтоо эсеби ачылар замат ага турак үйдүн наркынан 30% өлчөмүндө акча каражаты бир жолу салынган шартта. 

Ипотекалык кредитти камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр колдонулушу мүмкүн:

  • сатып алынган турак үй;
  • жеке турак үйдү куруу мезгилиндеги жер тилкеси;
  • ипотекалык кредиттин эсебинен курулган жеке турак үй; 
  • курулуш мезгилинде үлүштүк курулуш келишиминин шарттарында курулуп жаткан турак жайга мүлктүк укук;
  • ипотекалык кепилдик.

МИКтен кошумча каржылоону тартпастан, зайымчынын өздүк каражаттарынын эсебинен турак үйдүн жалпы аянтын көбөйтүүдө мурда колдонулган мамлекеттик программалардын алкагында кредиттөөнүн белгиленген шарттарын сактоо менен ипотекалык кредиттин күрөө предметин алмаштырууга жол берилет. 

«Топтомо ипотека» продуктунун алкагында – МИК менен өнөктөш банктын ортосунда кызматташуу жөнүндө түзүлгөн макулдашууга жана гарантия же кепилдик келишимине ылайык МИКтин гарантиясы же кепилдиги. 

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.