Чет элдик алдамчылар Америка жана Европадан «кыялдагы жумушту» сунуштап жатат

Ведомстводон билдиргендей, акыркы убакта өнүккөн өлкөлөрдөн «жеңил жумуш» сунуштаган фейк фактылар кескин өсүүдө.
Ага ылайык, акыркы тапта Европа, Канада, АКШ жана Улуу Британияда жумушка оңой орноштурабыз деп убадалаган алдамчылардын саны көбөйдү. Алар Milky Way шоколад фабрикаларында, Coca-Cola, Pepsi заводдорунда, Adidas, Puma, Nike, IKEA, Volkswagen жана башка белгилүү бренддердин кампаларында жогорку айлык акы жана жаш курагы чектөөсүз жумуштарды убада кылышууда.
Бирок, мунун бардыгы - калп. Учурда алдамчылар жасалма интеллекти жана жаңы айла-амалдарды колдонушат:
- Нейротарамдар аркылуу «расмий» сүрөт жана документтерди жасоо менен лицензияларды жасалмалоодо.
- «Тезирээк орун ал, акыркы орундар калды» деген өңдүү жарыялар менен эмоциялдык басым кылууда.
- Интернеттен табылган жасалма паспорттор менен «ырастоо» жөнөтүшүүдө.
- +44 (Англия), +1 (АКШ, Канада) сыяктуу номерлерди колдонуп «расмий» көрүнүүгө аракеттенишет.
- Оңой кетүү жана жогорку айлык убадасы менен үмүт беришет.
Эстеп калыңыз:
- Канадага жана АКШга Борбор же агенттиктер жумушка жибербейт.
- Чет өлкөдө иштөөгө жаш курак чектөөлөрү бар, анткени жумуш физикалык күчтү талап кылат.
- Тез брондоо үчүн акча талап кылуу – алдамчылардын биринчи амалдарынын бири.
Польша, Германия, Венгрия, Хорватия жана башка Европа өлкөлөрүндө иштөө үчүн жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу укугуна ээ болгон гана жеке агенттиктерге кайрылыңыз.
Агенттикти текшерүү үчүн:
- migrant.kg сайтындагы жеке агенттиктер бөлүмүнөн уруксатын текшериңиз;
- Лицензиянын мөөнөтүн караңыз;
- Агенттиктин байланыштарын Борбордун расмий сайтындагы маалыматтар менен салыштырыңыз.
- Telegram, Instagram жана WhatsApp тиркемесиндеги «лицензияларга» ишенбеңиз – аларды нейросет аркылуу оңой эле жасап алса болот.
- Мессенджерлердеги «менеджерлерге» акча которбоңуз.
Бардык маалыматты migrant.kg сайтынан жана Борбордун расмий баракчаларынан гана текшериңиз.
Сиздин чет өлкөдөгү келечегиңиз коопсуздуктан жана легалдуулуктан башталат. Акчаңызды жана нервиңизди сактаңыз – алдамчыларга алданбаңыз.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.