Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты сатып алууларды жүргүзүүдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу болуп саналат.
Мыйзамга ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын президентинин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, министрлер кабинетинин төрагасынын катышуусу менен мамлекеттик деңгээлде эл аралык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларынын, чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, парламенттик жана өкмөттүк делегациялардын, чет мамлекеттердин башка делегацияларынын иш сапарларын камсыз кылуу менен байланышкан сатып алууларды «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамы жөнгө салбайт.
Жогорудагы сатып алуулар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык заказчы менен аткаруучунун ортосунда жарандык-укуктук бүтүм түзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Ошондой эле мыйзам менен «мамлекеттик тапшырма» түшүнүгү киргизилген. Мамлекеттик тапшырма болуп мамлекеттин социалдык-экономикалык туруктуулугун жана (же) социалдык-маданий өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган артыкчылыктуу мамлекеттик милдеттерди аткарууга уставдык капиталда мамлекеттин катышуусу менен юридикалык жактарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен заказ берүү саналат.
Мамлекеттик тапшырманын алкагындагы сатып алуулар «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамы менен жөнгө салынбайт жана мамлекеттик заказчы менен мамлекеттик тапшырманы аткаруучунун ортосунда натыйжалардын көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен жарандык-укуктук бүтүм түзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Мыйзам өлкөнү тездетилген социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында айрым тармактардагы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан каржыланган сатып алуулар менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүүгө гана багытталган.
Мыйзамга ылайык, мамлекеттик заказчы жана мамлекеттик тапшырманы аткаруучу мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруунун алкагында бюджеттик каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик алышат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.