Курс USD 86.77 / 87.28
Курс EUR 98.41 / 99.40
Курс RUB 1.046 / 1.084
Курс KZT 0.115 / 0.187
USD USD
86.77 / 87.28
EUR EUR
98.41 / 99.40
RUB RUB
1.046 / 1.084
KZT KZT
0.115 / 0.187

«Нурзаман»: эл аралык сапат көзөмөлү – кардарлардын ишенимине болгон инвестиция

«Нурзаман» компаниясы өз ишмердүүлүгүн баштагандан бери 14 курулуш долбоорун ишке ашырды, алардын арасында турак жай комплекстери жана соода-оюн-зоок борбору бар.
«Нурзаман»: эл аралык сапат көзөмөлү – кардарлардын ишенимине болгон инвестиция

Бул сандар жөн эле көрсөткүч эмес — бул миңдеген адамдар жаңы жашоосун баштаган үйлөр. Компания өз кызматтарынан 5 000ден ашык кардар пайдаланганын сыймык менен белгилеп, кардарлардын позитивдүү пикирлери командага жаңы бийиктиктерге умтулууга дем берет.

Сапат – «Нурзамандын» артыкчылыктуу багыты

«Нурзаман» компаниясы Кыргызстандагы курулуш тармагында өзүн лидерлердин катарында көрсөтө алды. Курулуштагы сапат ар дайым компания үчүн башкы баалуулуктардын бири болуп келген. Ушундан улам жакында «Нурзаман» эл аралык Engineering Services компаниясы менен өнөктөштүк келишим түзүп, Prime Park обьектисинде көзкарандысыз сапат көзөмөлү жүргүзүлө баштады.

СК «Нурзамандын» негиздөөчүлөрүнүн бири Кудурет Каарыевдин айтымында, жакынкы убакытка чейин сапат көзөмөлү ички адистер тарабынан жүргүзүлүп келген. Бирок рыноктун өсүп жаткан талаптарын жана компаниянын ISO 9001 эл аралык сертификатына ээлигин эске алуу менен, сапат стандарттарын жогорулатуу максатында эл аралык адистер менен кызматташуу чечими кабыл алынган.

«Биз Engineering Services менен иштеше баштадык, анткени курулуштун сапатын дагы да жогорулатууну көздөдүк. Бул компания курулуш көзөмөлүндө чоң тажрыйбага ээ жана BI Group, Bazis-A, NRG, OZON сыяктуу ири компаниялар менен иштешет. Ошондой эле мамлекеттик жана инвестициялык долбоорлорго катышып келет. Алгачкы сырткы көзөмөл колдонулган долбоор — Prime Park турак жай комплекси болуп калды. Бул чечим биз үчүн да, биздин кардарлар үчүн да маанилүү», — деп белгиледи Каарыев.

Engineering Services кимдер?

Engineering Services – курулуш тармагындагы 10 жылдан ашуун тажрыйбасы бар эл аралык компания

Engineering Services – бул курулушта техникалык көзөмөл жана сапат контролун камсыздоого адистешкен эл аралык компания. Компания 10 жылдан ашык убакыттан бери жогорку сапатты, коопсуздукту жана натыйжалуулукту камсыздоого багытталган кызматтарды сунуштап келет.

Бүгүнкү күндө Engineering Services ай сайын 4,5 миллион чарчы метр курулуш объектисин көзөмөлдөйт. Компаниянын курамында 350дөн ашуун кызматкер иштейт. Кыргызстанда компанияны филиалдын директору Сергей Сычёв жетектейт. Анын айтымында, ар бир курулуш этабында жети адиске чейин ишке тартылат. Компаниянын негизги принциптери — адилеттүүлүк жана ачыктык.

Engineering Services курулуштун бардык баскычтарында көзөмөл жүргүзөт. Бул ыкма курулуш процессин толук камтууга жана ар бир этаптын улуттук жана эл аралык стандарттарга шайкештигин камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Алардын катарына СНиП, ГОСТ, ISO 9001, жана материалдар менен жабдуулардын өндүрүүчүлөрүнүн талаптары кирет.

«Биз ар бир этапты текшеребиз – пайдубалдан тартып, бүткүл аймакты көрктөндүрүүгө чейин, долбоор чечимдеринен тартып алардын ишке ашуусуна чейин. Бул комплекстүү мамиле бизге жогорку сапатка жетүүгө мүмкүнчүлүк берет», – деп белгиледи Сергей Сычёв.

Биргелешкен иш жана санариптештирүү

СК «Нурзаман» үчүн эл аралык сапат стандарттарын киргизүү — үзүрлүү өнүгүүгө карай маанилүү кадам болду. Engineering Services компаниясы менен биргеликте бардык процесстер жүйөлүү жана санариптик форматта жүргүзүлүп жатат. Ар бир эскертүү DES деп аталган атайын программада катталат — бул Engineering Services’тин өзүнүн иштелмеси. Программада маселени жоюу мөөнөттөрү жана жооптуу кызматкерлер так көрсөтүлөт. Бул ыкма мүчүлүштүктөргө ыкчам чара көрүүгө, ошондой эле курулуш процессинин жалпы натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

«Сапат боюнча тышкы көзөмөлдү тартуу – бул жалпы командабыздын чечими болду. Санариптик куралдардын жардамы менен биз буга чейин эле курулуштун бардык этаптарында реалдуу жакшыртууларды көрүп жатабыз. Бул ‘Нурзаманды’ дагы күчтүү жана мыкты кылууда», — деп белгиледи СК «Нурзамандын» негиздөөчүлөрүнүн бири.

Келечек — ар бир кардарга кам көрүү менен

«Биз жөн гана үй салбастан, сиздер үчүн ыңгайлуу келечекти куруп жатабыз. Ар бир майда-баратка чейин сапат, ишенимдүүлүк жана кам көрүү менен мамиле кылабыз. Сиздин жаңы үй — жашоого эң сонун орун болушу керек», — деп баса белгиледи СК «Нурзамандын»  негиздөөчүлөрүнүн бири.

Алдыдагы беш жыл ичинде «Нурзаман» компаниясы Бишкек жана Ош шаарларында ири социалдык жана маданий долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо. Engineering Services менен ийгиликтүү кызматташуу ар бир жаңы долбоордун жогорку сапат, коопсуздук жана ыңгайлуулук стандарттарына толук жооп берерине ишеним жаратат.

Engineering Services Борбор Азия боюнча курулуш объекттеринде сапат жана ишенимдүүлүк менен иштөөнү улантууда. Компания өзүнүн өнөктөштөрүнө жана кардарларына ар бир долбоордун ийгиликтүү ишке ашышына ишеним тартуулайт.

📞 🏢 СК «Нурзамандын» сатуу бөлүмдөрүнүн даректери:

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.