1840 сомго ММК полиси: камсыздандырылган жарандар кандай укуктарга ээ болушту

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

1840 сомго ММК полиси: камсыздандырылган жарандар кандай укуктарга ээ болушту
Иллюстрациялык сүрөт

Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Эмне өзгөрөт

Аталган мыйзам Кыргызстандагы медициналык камсыздандыруу тутуму боюнча камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана объективдүү маалымат алуу укуктарын камсыз кылуу, ошондой эле жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Эске салсак, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин тариздөө жана берүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат болуп саналат.

ММК полиси жарандарга чектелген мөөнөткө (аны сатып алган күндөн тартып 12 ай) акы төлөнүүчү негизде берилет. Бүгүнкү күндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн жарандар үчүн ММК полисинин баасы (монополияга каршы комитет бекиткен) 1840 сомду түзөт.

Камсыздандырылган адамдар үчүн жаңы укуктар

Мыйзамдын 13-беренесине ылайык, камсыздандырылган жактар так маалымат алууга укуктуу.

  • кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү;
  • медициналык тейлөөнүн сапаты жөнүндө;
  • медициналык, фармацевтикалык, алдын алуучу, реабилитациялык жана ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;
  • милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасынын алкагында кызмат көрсөтүүнүн параметрлери жөнүндө.

Тейлөөчүлөрдүн жоопкерчилигин кеңейтүү

Мыйзамдын 16-беренесинде медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы тейлөөчүлөрдүн милдеттери кеңейтилген, ага ылайык аталган тейлөөчүлөр:

  • камсыздандырылган адамдарга көрсөтүлгөн медициналык жардам жөнүндө маалыматтардын жекелештирилген эсебин жүргүзүүгө;
  • көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана шарттары жөнүндө маалыматты, ошондой эле алардын тизмегин Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык бардык жарандарга көрүнүктүү жерде жайгаштырууга;
  • медициналык камсыздандыруу субъекттерине иштөө режими, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү, ошондой эле тизмеги Мамлекеттик кепилдиктер программасында белгиленүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн жана сапатынын көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды толук берүүгө милдеттүү. 

Кабыл алынган түзөтүүлөр милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган. Жаңы жоболор кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтөт жана бейтаптардын укуктарынын сакталышын камсыздайт деп күтүлүүдө.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.