Онлайн сатып алуулар: Кыргызстандыктар 8-мартка канча акча коротууга даяр?

Гүлдөр, атыр же гаджет? 8-мартка карата кыргызстандыктар белек алууга миңдеген сом коротууга даяр — алар барган сайын онлайн кызматты тандап жатышат. 2026-жылы айымдар кандай белектерди алышат?

Онлайн сатып алуулар: Кыргызстандыктар 8-мартка канча акча коротууга даяр?
Иллюстрациялык сүрөт

Wildberries компаниясынын кардарларды тейлөө департаменти платформа бар өлкөлөрдөгү сатып алуучулардын жазгы майрамдарга карата маанайы боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Кыргызстанда сурамжылоого жүздөгөн активдүү маркетплейс колдонуучулары катышып, алар Эл аралык аялдар күнүнө карата пландары тууралуу айтып беришти.

Изилдөөгө ылайык, 8-март керектөөчүлөргө олуттуу таасир берүүчү эң маанилүү майрамдардын бири болуп саналат. Мисалы, сурамжылоого катышкандардын 72%ы майрам алардын чөйрөсүндө кеңири белгиленерин, дагы 71%ы 2026-жылы аны белгилөөнү пландаштырып жатканын, ал эми 10%ы гана алардын чөйрөсүндө бул күн белгиленбей турганын айтышкан.

Wildberries компаниясынын Кыргызстандагы директору Александр Воробьев белгилегендей, өлкө жарандары майрамга алдын ала даярданып, ал үчүн интернет-дүкөндөрдү көбүрөөк тандап жатышат.

«8-март Кыргызстанда маанилүү майрам. Биз сатып алуучулар жакындарына белектерди алдын ала пландаштырып, бул өзгөчө учурга даярдануунун ыңгайлуу жолу катары интернет-дүкөндөрдү көбүрөөк тандап жатканын байкап жатабыз», — деди ал.

Майрамга байланыштуу ассоциациялар 

Кыргызстандыктар 8-мартты көбүнчө төмөнкү символдор жана эмоциялар менен байланыштырышат: 

  • айымдарга камкордук жана аларды урматтоо — 46%; 
  • гүлдөр жана жакындарга белектер — 44%; 
  • жаз жана жаңылануу — 37%; 
  • кубаныч жана жагымдуу эмоциялар — 29%.

Ким кимге белек берет 

Изилдөө маалыматтары боюнча: 

Эркектердин 63 пайызы белек берүүнү пландоодо: 

  • апаларына — 84%; 
  • жубайларына жана сүйлөшкөн кыздарына— 59%; 
  • эже-карындаштарына — 43%.

Аялдардын 69 пайызы да белек берүүнү пландап жатышат:

  • апаларына — 83%; 
  • эже-сиңдилерине — 50%; 
  • кыздарына — 44%.

Канча акча коротууга даяр

8-мартка карата белектерге бюджет төмөнкүчө бөлүштүрүлдү: 

  • 49% — 2 000 сомдон 6 000 сомго чейин (орточо бюджет — болжол менен 5 000 сом); 
  • 21% — 2 000 сомго чейин; 
  • 30% — 6 000 сомдон жогору.

Эң популярдуу белектер

Эң көп талап кылынган товар категориялары: 

  • гүлдөр — 57%; 
  • косметикалык продукциялар — 49%; 
  • атыр, жыпар жыт — 38%; 
  • үй буюмдары — 33%; 
  • кондитердик азыктар — 32%; 
  • кийим жана аксессуарлар — 26%; 
  • зер буюмдары жана сааттар — 25%; 
  • электроника жана гаджеттер — 22%; 
  • китептер жана хобби үчүн товарлар — 17%.

Айымдар эмнени күтүшөт

Аял заты көбүнчө төмөнкүлөрдү алгысы келет: 

  • гүлдөр — 49%; 
  • косметика — 48%; 
  • атыр — 44%; 
  • кийим жана аксессуарлар — 40%; 
  • зер буюмдары — 39%;
  • китеп — 30%;
  • электроника жана тиричилик техникасы — 28%.

Сатып алуучулардын портрети

Кыргызстандагы платформанын колдонуучуларынын арасында: 

Жынысы боюнча: 

  • аялдар — 60%; 
  • эркектер — 40%.

Жашы боюнча: 

  • 18–34 жаш — 52%; 
  • 35–54 жаш — 47%;
  • 55 жаш жана андан улуу — 1%.

Изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда жаз майрамдары керектөөчүлөрдүн суроо-талабынын ар кандай моделдерин жаратат. Өзгөчө 8-март керектөөчүлөрдүн ырааттуу кызыгуусун көрсөтөт, ал эми башка салттуу майрамдарда үй-бүлөлүк жана маданий иш-чараларга көбүрөөк көңүл бурулат.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.