Курс USD 87.30 / 87.80
Курс EUR 96.62 / 97.62
Курс RUB 1.058 / 1.098
Курс KZT 0.116 / 0.187
USD USD
87.30 / 87.80
EUR EUR
96.62 / 97.62
RUB RUB
1.058 / 1.098
KZT KZT
0.116 / 0.187

Эл аралык музей күнү: Улуттук китепкананын нумизматикалык музейинде ачык эшиктер күнү өткөрүлөт

Эл аралык музей күнү жыл сайын 18-майда белгиленип келет. Музейлер дүйнөлүк коомчулуктун бакубаттуулугуна жана туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошот, ошондой эле бул күн 1977-жылдан бери дүйнө жүзүндө белгиленип келет.
Эл аралык музей күнү: Улуттук китепкананын нумизматикалык музейинде ачык эшиктер күнү өткөрүлөт

Эл аралык музей күнүнө карата КРнын Улуттук банкы окуучуларды жана студенттерди, Бишкек шаарынын жашоочуларын жана конокторун, ошондой эле коллекциялык нумизматтикалык баалуулуктарга кызыккан адамдарды 16-майда Улуттук банктын музейинде өтө турган ачык эшик күнүнө чакырат.

Музейге келген адамдар улуттук валютанын өнүгүү тарыхы жана банкнотторду даярдоо баскычтары тууралуу маалымат алып, Улуу Жибек жолу доорунан тартып Кыргызстандын аймагында табылган кайталангыс байыркы монеталар экспозициясын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 

Ошондой эле, музейде Улуттук банк тарабынан 1995-2025-жылдары чыгарылган коллекциялык монеталардын жана чет өлкө акча белгилеринин үлгүлөрүнүн экспозициялары жайгаштырылган.

Экскурсия саат 09.00дөн 17.00гө чейин өтөт. Кирүү акысыз. Экскурсияга келүүчүлөрдүн жанында инсандыгын тастыктаган документ (паспорт, студенттик билет, айдоочунун күбөлүгү) болууга тийиш.

Экскурсияга алдын ала жазылуу:  

  • төмөнкү телефондор аркылуу: 0 (312) 66-90-08; 0 (312) 61-24-14 
  • электрондук дарек аркылуу:  [email protected] 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.