Курс USD 87.29 / 87.78
Курс EUR 99.14 / 100.14
Курс RUB 1.096 / 1.129
Курс KZT 0.117 / 0.188
USD USD
87.29 / 87.78
EUR EUR
99.14 / 100.14
RUB RUB
1.096 / 1.129
KZT KZT
0.117 / 0.188

КРнын Улуттук банкында жана Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгында ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

16-майда Эл аралык музейлер күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер, Бишкек шаарынын жана түштүк аймагынын тургундары Улуттук банктын нумизматикалык музейине саякат кылышты.
КРнын Улуттук банкында жана Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгында ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

Эл аралык музей күнү – жыл сайын 1977-жылдан бери 18-майда дүйнө жүзү боюнча белгиленип келе жаткан майрам. Бул күнү ар бир адам көргөзмөлөргө эркин кире алат.

КРнын Улуттук банкы 16-майда Улуттук банктын нумизматикалык музейинде ачык эшик күнүн өткөрдү.

Коноктор улуттук валютанын жаралуу жана өнүгүү тарыхы, банкнотторду жана монеталарды чыгаруу баскычтары, Улуу Жибек жолу гүлдөп турган мезгилде Кыргызстандын акча жүгүртүү тарыхына арналган экспозиция, ошондой эле Улуттук банк тарабынан 1995-2025-жылдар аралыгында чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар менен таанышышты. 

Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы 2025-жылдын 16-майында Эл аралык музей күнүнө карата Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде ачык эшик күнүн өткөрдү. Музейдин коноктору улуттук валютанын түптөлүшү жана өнүгүү тарыхы, банкнотторду жана монеталарды чыгаруу баскычтары жана коллекциялык монеталар менен таанышып чыгышты.

Ачык эшиктер күнүнө 150гө жакын адам катышты. 

Эске салсак, мындан бир жыл мурун Banks.kg порталынын кызматкери Санкт-Петербургдагы Петропавл чепиндеги Акча тарыхы музейине барган. 2024-жылдын 18-майында бул музей биринчи жолу бүткүл россиялык «Музейлердин түнү» иш-чарасына катышкан.

Улуттук банктын нумизматикалык музейи иш күндөрү саат 10:00дөн 16:00гө чейин иштейт. Кирүү акысыз. Өзүңүздүн жаныңызга атайын документ (паспорт, студенттик билет, айдоочулук күбөлүк) алып алсаңыз болот.    

Алдын ала жазылуу 0 (312) 66-90-08; 0 (312) 61-24-14 телефондору аркылуу же mail@nbkr.kg электрондук почта аркылуу алдын ала жазылууга болот.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.