OpenAI дүйнөдөгү эң кымбат жеке компания аталды

Америкалык OpenAI компаниясы дүйнөдөгү эң кымбат жеке менчик компания болуу менен SpaceX компаниясын артта калтырды.

OpenAI дүйнөдөгү эң кымбат жеке компания аталды

Bloomberg агенттиги билдиргендей, ChatGPT чат-ботунун иштеп чыгуучусунун баасы 0,5 трлн долларга жетти.

Басылманын маалыматына ылайык, OpenAI кызматкерлерге компаниянын акцияларын сатууга мүмкүндүк берген келишимди жапты. Анда учурдагы жана мурдагы OpenAI кызматкерлери жалпы көлөмү 6,6 миллиард доллар болгон акцияларын Thrive Capital, Soft Bank Group Corp., Dragoneer Investment Group, MGX, жана T. Rowe Price сыяктуу инвесторлорго сатышты. Уруксат берилген максималдуу сумма 10 миллиард доллар болгон.

Буга чейин 2025-жылдын апрель айында, OpenAI 40 миллиард доллардык жаңы инвестициялык раундун өткөргөнүн жарыялап, анда компания 300 миллиард долларга бааланган болчу.

Агенттиктин маалыматына ылайык, азыркы учурда жеке менчик компаниялардын ичинен экинчи орунда SpaceX турат — 400 миллиард доллар, үчүнчү орунда ByteDance — 220 миллиард доллар менен TikTok социалдык тармагынын ээси турат.

OpenAI — ChatGPT чат-ботунун иштеп чыгуучусу. Ал 2022-жылдын ноябрь аягында ишке киргизилгенден кийин бат эле дүйнөгө таанылып, биринчи жумада эле 1 миллион колдонуучу топтогон. OpenAIнин негиздөөчүлөрүнүн бири — америкалык миллиардер Илон Маск болгон, бирок кийин ал стартап менен болгон байланышын токтоткон.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.