Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 99.04 / 100.04
Курс RUB 1.053 / 1.086
Курс KZT 0.116 / 0.188
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
99.04 / 100.04
RUB RUB
1.053 / 1.086
KZT KZT
0.116 / 0.188

КРда рубль менен операциялар «Капитал Банкы» аркылуу борбордоштурулат

Министрлер кабинетинин башчысы Адилбек Касымалиев Орусиядан Кыргызстанга акча которуу үчүн коопсуз шарттарды түзүү боюнча жаңы чаралар киргизилгенин билдирди.
КРда рубль менен операциялар «Капитал Банкы» аркылуу борбордоштурулат

«Урматтуу кыргызстандыктар жана Орусиянын аймагында иш жүргүзгөн өлкөбүздүн ишкерлери! 

Акча каражаттарын коопсуз которуу үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан накталай жана накталай эмес россиялык рубль менен операцияларды жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилген.

Акыркы жылдары Кыргызстанда накталай чет өлкө валютасы, анын ичинде россиялык рубль менен банк секторунан тышкаркы алмашуу бюролору аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү кыйла өстү. Бул накталай валютанын жүгүртүлүшүнүн өсүшүнө өбөлгө түзүп, эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү менен финансылык операцияларды жүргүзүү тобокелдигин жаратып келген.

Валюта агымынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында 100% акциясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине таандык болгон «Борбор Азиянын Капитал Банкы» ААК аркылуу накталай жана накталай эмес россиялык рубль менен айрым операцияларды борборлоштуруу чечими кабыл алынган.

Баса белгилей кетсек, бул которуулардын суммасы боюнча эч кандай чектөөлөр коюлган эмес.

Көрүлгөн чаралар жалаң гана жарандардын жана ишкерлердин каражаттарын коргоого, операцияларды көзөмөлдөөнү жана ачык-айкындыгын күчөтүүгө, каржы системасынын туруктуу иштешин колдоого багытталган. 

Орусия биздин өлкөнүн ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда.

Жаңы эрежелер киргизилгенден кийинки алгачкы эки жуманын жыйынтыгы боюнча банк секторунда накталай рублдик операциялардын көлөмү байкаларлык кыскарган, бул бүдөмүк финансылык агымдардын тобокелдиги азайгандыгын көрсөтүп турат.

Акча каражаттарын которууну Россия Федерациясында жайгашкан, санкцияларга дуушар болбогон россиялык каалаган банктар аркылуу жасаса болот.

Кыргызстанда которулган каражаттарды «Борбор Азиянын Капитал Банкы» ААКтын каалаган филиалынан алса болот.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана «Борбор Азиянын Капитал Банкы» ААКсынын жетекчилиги кошумча түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана бардык суроолоруңуздарга жооп берүүгө даяр.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.